www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы жана башкы кеңешчиси Жаред Кушнер да Федералдык териштирүү кызматынын (FBI) көзөмөлүндө.

Трамптын өткөн жылдагы шайлоодо жеңип чыгышына орусиялык чиновниктердин таасири барбы деген маалыматтарды учурда FBI иликтеп жатат.

«Washington Post» гезитинде орун алган маалыматка караганда, Кушнер Федералдык териштирүү кызматынын Орусия териштирүүсүнө түздөн-түз кошулбастан Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен жолугушуулары боюнча териштирилди.

Буга караганда Кушнердин Кисляк жана орус банктын жетекчиси менен декабрь айында өткөргөн айрым сүйлөшүүлөрү, Федералдык териштирүү кызматынын Орусия териштирүүсүн улантып жатканда ортого чыкты. 

Андан соң аты аталган сүйлөшүүлөрдү иликтеген Федералдык териштирүү кызматы, бул сүйлөшүүлөр менен териштирүүнүн ортосунда түздөн-түз байланыштын болуп же болбогонун билүүгө аракет кылууда.

Федералдык териштирүү кызматынын мурдагы башчысы Жеймс Комини 10-майда кызматынан алган Трамп Орусия териштирүүсүнүн себебинен оор күндөрдү өткөрүүдө.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости