www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Саматбек Кулукеевич, бир жыл мурун манасчыларга үй бергениңиз айтылып, жакшы саамалык болгону коомчулукта белгиленген эле, бирок үйлөр дагы деле манасчы балдарга берилбегени ачыкка чыгып, ММКларда айтылып жатат. Буга кандай жооп бересиз?

—Былтыр 4-июнда манасчылыкка кызмат кылган белгилүү атуулдарыбызга өзүбүздүн, Саякбай фондунун төш белгисин тапшырганбыз. Анткени, ушул кезге чейин манасчылыкка кызмат кылган кишилерге сый-урмат көрсөтүлбөй, унутта калып келген экен, ошону эске алуу менен иш-чараны өткөргөнбүз. Экинчиси, С.Каралаевдин энциклопедиясын басып чыгардык, китептин бетачары дагы аталган иш-чарада болгон. Үчүнчүсү, үч жигитке батир берем деп сөз берген элем, анан манасчылар өздөрү демилге көтөрүп, ошону дагы айтып койсоңуз, манасчылыкка салым кошом дегендерге үлгү болсун деп, суранышты эле. Мен трибунага чыгып, кыргызда оң колуң менен бергенди сол колуң билбеши керек дейт, бирок балдардын өтүнүчү менен жакшы саамалыкты айтып коеюн деп, сертификат тапшыргам. Албетте, батирлер эмдиги жылы жаз же күз айларында бүтөт, маселени ошол маалда чечип берем деп айткам. Анан эми элибиз азыр саясатташып кетти, түрдүү интригалар жүрө берет экен. Мен ага көңүл деле бөлбөдүм. Мисалы, Президентибизди деле сындап, түрдүү сөздөрдү жабыштырып келишүүдө. Бирок, Президентибиз көңүл бурбастан «ит үрө берет, кербен жүрө берет» дегендей, өз ишин кылып жатат. Мен деле үнкатпай коеюн дегем, бирок гезиттер улам жазып жаткандыгына байланыштуу тактоо киргизип коюуну чечтим. Негизи, буга чейин сөз берип аткарбай койгондор болсо керек, ошондон улам имиштер чыккан окшойт. Ал эми кичинекей бизнестен чоң империяны тургузган адам эч качан алдамчылыкка барбайт. Казынаны уурдап байыган кишилер гана алдап кетиши ыктымал, таза бизнес менен көтөрүлгөн адамдар алдабайт. Мен бизнести жомоктогудай тез курган жокмун, жыйырма жылда араң ийгиликке жеттим. Азыр манасчылыктан жакшылык жуксун деген тилек менен чоң дүйнөгө аралаштым. Манас атабыздай «аялы жогуна аял, үйү жогуна үй, тону жогуна тон алып бергенге» аракет кылайын деген максатым бар. Манасчы балдарга үйдү берем. Албетте, үчөө менен чектелбейт. Мен өзүм жети деген санды жакшы көрөм, Манасчылык менен Манаска кызмат кылган адамдарга үч эмес, жети батир берем деп сөз бергенмин. Аны аткарам. Бул иш токтобошу керек.

—Манас дүйнөсүнө кантип келип калдыңыз?

—Манас дүйнөсүнө турмуш, тагдыр алып келди. Жоопкерчиликти сезген адам ушуга эртеби-кечпи келсе керек деген ойдомун. Себеби, биздеги жоопкерчиликтин туу чокусу Манаста бар. Манасты биз даңазалап келе жатабыз, канчалык көп жайылтсак коомдо тазалануу башталат. Манас менен мамлекеттик башкаруу системасында дагы жакшы ийгиликтерге жетишсек болот. Мен мектепте окуганда, армияга барганда, институтта билим алганда, мугалим болгондо, бизнесте жүргөндө да Манас жүрөгүмдүн толтосунда болду. Ошондон улам Манас дүйнөсүнө тез аралаштым. Чоң саясатка келерде дагы Манасты даңазалаган кишилерге жакындадым. Себеби, Бакиевдердин учурунда маданиятка, Манаска каршы иштер жасалды. Анан 2010-жылы Бакиев кан төккөндө Алмаз Шаршеновичтин командасына кирип, революцияга чакан салымымды коштум. Ошондон кийин жанымдагы балдар чоң саясатка аттаныңыз деген сунуш беришти, 2010-жылы КСДПнын тизмеси менен шайлоого бардым. Бирок, тизмедеги кезекти күтүп, төрт жылдан кийин депутат болуп, 9 ай иштедим.

—9 ай чоң убакыт, өлкөнү туңгуюктан чыгара турган ойлор келгендир…

—Ооба, ошол чакан убакта Кыргызстанды кантип туңгуюктан чыгарабыз деген суроону издеп, социалдык тармактарды көз алдымдан өткөрдүм. Эң негизгиси үчөө экен, билим берүү, маданият жана саламаттыкты сактоо тармактары. Ушул үч тармак өнүксө коом өзгөрүп, мамлекет алдыга кетет, муну практика далилдеген. Анан мен ушул үчөөсүнүн кимиси маанилүү деген ой калчап, эң негизгиси маданият экенин түшүндүм. Маданият болбосо элибиздин келечеги бүдөмүк болот. Ошондон улам ушул тармакка аз дагы болсо салымымды кошоюн деген тилекте кыргыз маданиятынын туу чокусу кайда жатканын издесем, Манаста экен. Барыбыз билгенде кыргызды кыргыз кылып, кылымдан кылымга сактап калган бул — Манас. Ооздон оозго өтүп айтылып бүгүнкү күнгө жетти. Ошол дүйнөгө мен кирдим. Бул тандоонун тууралыгын өзүм да көрүп келе жатам. Элибиз да жакшы билет. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов: «Манас кыргыз рухунун туу чокусу» деп айткан. Манастын туу чокусуна жеткен Саякбай атабыз тууралуу да оюн билдирип, «Кыргызстанда эң атактуу киши ким деп сураса, Саякбайды айтам» деген сөзү бар. Биз манасчы атабыздын ысымын фондго ыйгарып, Саякбай деп атадык. Эң алыскы айылдарга чейин барып иш-чараларды жүргүздүк. Билим берүү министрлиги менен биргеликте мугалимдер менен көп иштерди аткардык. Балдарыбыз манас айтууга шыктанды. Айрыкча башка улуттун балдары манас айтып, элдин черин жазып, атабызды даңазалады. Аларды угуп туруп титиреп кетет экенсиң. Башка улуттун балдары жеңген маалда ыйлады. Биздин да көздөн жаш чыкты.

—7 күн 7 түн манас айтырууну улантасыздарбы?

—Ооба, 7 күн 7 түн манас айтуу долбоорун өткөрүп жүрөбүз. Манасчылар тынымсыз, токтобостон, улап айтат. Бул саамалык үч жолу өттү. Башка өлкөлөрдөн чалып, рахмат айтып жатышты. Быйыл да Ошто өткөрсөк деген пландар бар. Бирок менин убактым азыркы жумушка байланыштуу тарып калды, ошондой болсо да максаттын баарын ишке ашырганга аракеттенебиз. Биз Манаска талыкпастан кызмат кылышыбыз шарт. Бүт кыргызга белгилүү инсаныбыз Т.Сыдыкбеков: «Кыргызды манас сактаган, кыргыз манасты даңктаган» деген экен. Албетте, биринчисин Манас атабыз аткарды, кыргызды сактады, ал эми экинчи чала-була болуп калды. Т.а. кыргыз манасты даңктай албай жатат. Бүгүнкү күндөгү биздин эң чоң кемчилигибиз ушунда жатат. Сөз менен бизди Манас атабыз бизди сактаган деп айтабыз, тилекке каршы иш кылган жокпуз. Ар бир жаран ушул багытта кичинекей болсо да кадам жасашы керек. Манас идеясы Кыргызстанды туңгуюктан чыгарып, көтөрүп кетчү нерсенин бири десем жаңылбаймын. Манас эч бир элде жок, кыргызга гана берилген – кут. Ошол кутубузду кармап, чоң ийгиликтерге жетишсек болот.

—Саякбай тасмасы тартылып бүттүбү?

—Саякбай атабыз боюнча көркөм тасманы тартып бүттүк. Анда үч инсанды түшүргөнгө аракеттендик, Ч.Айтматов, С.Каралаев жана Манас атабыздын элеси бар. Манас дүйнөсү биз үчүн ыйык. Себеби, Саякбай атабыздан батасын алгандан кийин Ч.Айтматов дүйнөгө таанылган. Бул да болсо Манастын, манасчынын касиети десек болот. Тасманы жабык эшик артында көрдүк, чакырылган коноктор жакшы пикирин айтты, Кудайым буйруса өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүндө элибизге тартуулайбыз, ушундай чечимди кабыл алдык. Быйылкы жылдын урматына маданий бир чоң жаңылык болот деген үмүттөбүз. Эң негизгиси бул жерде киноиндустриясы аркылуу кыргызды сырткы өлкөлөргө таанытуу идеясы камтылган. Мисалы, мен көп кино фестивалдарга барып келдим. Ал жерлерге кино искусствосунда мен кыйынмын дегендин баары чогулат экен. Ошолор кыргыздын маданияты менен тарыхын кино аркылуу көрсө, тез жайылат деген тилек бар. Жакында Актан Арымдын «Кентавр» киносу мыкты болуптур деп, чет өлкөдө миңдеген кишилер кол чаап турушту. Бул өтө чоң реклама экен. Көп жерге барганда Кыргызстан десең билбейт, ал кайда деп сурашат. Биз өлкөнү таанытканга аракеттенишибиз керек. Президенттин демилгеси менен өткөн көчмөндөр оюну да бизди жакшы жарнамалады. Ушул багыттагы иштерди улантышыбыз шарт. Ошондой эле быйыл кыргыз анимациясынын 40 жылдыгы болот экен, ага да биз өзүбүздүн салымды кошолук деген максатта долбоорду баштадык, жылдын аягында кыргыз эпосторунун негизинде тартылган мультфильмди коебуз. Биздин балдарыбыз бала бакчадан баштап эпосту көрүп, окуп чоңойсо деген максат менен жасап жатабыз.

—Кинонун каражатын өзүңүз көтөрдүңүзбү?

—90%дан ашык каражатты өзүм көтөрдүм. Мындан сырткары «Уламыштар» деген тасманы тарттык, «Сулайман тоо» деген тасманы тартып жатабыз. Айтор, жеке өзүбүздүн демилге менен кыргыздын маданиятына колубуздан келген салымыбызды кошолу деген аракетти көрүп жатабыз. Себеби кино тармагы эң чоң инструмент экен. Бирок, мамлекет тарабынан көңүл бурулбай келе жатат. Ошого карабастан кино тармагы кошуна мамлекеттерге караганда алдыга кетти. 2014-жылы кытайга барсам айтып калышты, айрым кыргыз студенттери бошой калганда анча-мынча иштеп Кыргызстандагы карылар, балдар үйүнө жардам берет экен. Анан аларды мен издеп таап, бизде бизнесмендер жардам бербейт, силер кандай максат менен иштеп жүрөсүңөр десем, абдан патриот балдар экен. Бир уюм ачып, жардам берип келе жатыптыр. Бирге иштеше баштадык, мынча каражат жыйнадык, калганын бериңиз балдар аянтчасын же дагы бир нерсени курабыз дейт, колдоймун. «Уламыштар» тасмасын ошол балдар Кыргызстанды кантип сыртка жарнамалайбыз деп келди, идеясын айтты, анан жети облусту кыдырып тартып келишти. Алгачкы кадам болгондуктан ичинде кемчиликтер болушу мүмкүн, бирок негизги идеясы эң жакшы. Өлкөдөгү абдан кооз жерлер тартылды.

—Манас дүйнөсүн даңазалаганга азыркы кызмат жолтоо болбойбу?

—Бул кызматка келээр алдында көп ойлондум, өтө чоң жоопкерчилик экенин сездим. Анткени, парламенттик башкаруудагы жоопкерчиликтүү жер, 120 депутаттын ишмердүүлүгүн камсыздап, жардам берген орган. Бирок, иштегенден качпайм, мурунку иштерим да жерде калбайт. Бул жакта да жакшы ийгиликтерди жасайбыз. Командасы такшалган кишилер экен, оорчулук болбойт.

Зулпукаар Сапанов,

Булак: "Де факто"

 

 

Последние новости