www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги 61-мектептин география сабагы боюнча мугалиминин окуучу кыздарга карата «кылык-жоругуна» байланыштуу милицияга арыз жазылды.

Маалыматтарга караганда, ал мугалим 24-майда 8-класста окуган бир кызды классташтарынын көзүнчө кармалоого аракет жасаган. Кыздын жакындарынын айтымында, бул мугалим агай мурда деле мектептеги кыздарды кармалап жүргөн экен, бирок кыздар уялганынан ал тууралуу ооз ачкан эмес.

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги мугалимдин мындай жосунсуз жоруктары боюнча маселе териштирилип жатканын, бүгүн кечки бешке ал тергөөчүгө чакырылганын жана аталган мектептин жетекчилиги ал мугалимди көптөн бери иштеген тажрыбайлуу адис катары мүнөздөп жатканын билдиришти. 

Булак: "Кабар 24"

 

Последние новости