www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Желаледдин Руми кыргызча сүйлөп...

26-майда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде акын, котормочу Алтынбек Исмаиловдун «Мевлана» аттуу китебинин бет ачар аземи жана поэзия кечеси болуп өттү.

XIII кылымда жашаган, суфисттик-мистикалык поэзиянын ири өкүлү, даанышман Мевлана Желаледдин Румиге арналган кечеге акын-жазуучулар, адабиятчы, илимпоздор жана автордун жакын санаалаштары катышты.

Поэзия майрамынын биринчи бөлүгүндө Таалайгүл Ташманбетова жетектеген «Жан дүйнө» адабий клубунун таланттуу мүчөлөрү Мевлананын кыргызчага которулган ырларын сахналаштырып көркөм окушту. Андан соң кеченин каарманы А.Исмаилов «Мевлана» китебинин жазылыш таржымалы тууралуу баяндады.

Бул чакан эмгек 2 бөлүмдөн турат. 1-бөлүмдө Руминин өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө чагылдырылса, кийинки бөлүмүндө улуу сопунун адамзатты аруулукка, жаратканды таанууга жана өзүн, өзү табууга үндөгөн тамсилдери, рухий притчалары, философиялык саптары берилген.

«Мен ушул китепке 8 жылдык өмүрүмдү арнадым. Анткени котормонун эң татаалы бул ыр таржымалдоо. Ошондуктан акындын ырларын кыргызча сүйлөтүү мен үчүн оңойго турган жок.»,-деди ал өз сөзүндө.

Ачылыш аземде сөз сүйлөгөн тарыхчылар, философтор, адабиятчылар аталган китептин чыгышы кыргыз адабияты үчүн чоң жаңылык болгондугун баса белгилешти. Бул жыйнакты жакынкы аралыкта Бишкектеги китеп дүкөндөрүнөн таба аласыздар.Бул тууралуу маалыматты Жылдызбек Турсунбеков билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости