www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сейдалы Мырзакматов: "Кыргызстанга 2000-жылга чейин өтө көп афган качкындары келишкен", - деди бүгүн, 23-августта NazarNews маалымат агенттигине экономист Сейдалы Мырзакматов.

- Сейдалы агай, Афганистандагы абал кошуналарга коркунуч жаратпайт деп билдиришти талибдер. Алардын айткандарына ишенсек болобу?

 -Негизи тадибдер тууралуу түрдүү пикирлер бар. Талибдер агрессорлордон өз өлкөсүн тазалады деген пикирлер да арбын. Бир караганда туура көрүнөт. Бирок, көп сырлар эми ачылат. АКШ кирген жеринен жөн эле чыгып кетчү өлкө эмес.

Тагыраагы, талибандарды Борбор Азия өлкөлөрүнө, Россияга каршы коркунуч, рычаг катары пайдаланып жатышы да мүмкүн. Дегеле, азыркы мезгил өтө глобалдашып кеткен. Океандын ары жагында, АКШгада жаңы президент келди. Дүйнөдө дароо геосаясий абал өзгөрдү. Талибдерди бетине кармашып, дүйнөлүк геосаясат оюнчулары АКШ, Кытай, Россия, Евросоюз, араб өлкөлөрү, Түркия, ар кандай жолдор менен Борбор Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде албетте Кыргызстанга өз позицияларын таңуулоого аракет кылышат. Талибандар кошуналарына түздөн түз агрессия кылбаган күндө да, өзгөргөн геосаясий абал Борбор Азия өлкөлөрүнө кошумча проблемаларды, кыйынчылыктарды алып келиши мүмкүн.

Анткени, согушчан, тынч эмес кошуна өлкө дестабилизациянын очогу. Ансыз да ковид, экономикалык кризисте турган, финансылык, аскерий ресурстары, потенциалдары чектелүү Борбор Азия өлкөлөрү өз коопсуздугу үчүн ашыкча, бюджетте каралбаган чыгымдарга барууга аргасыз болушат. Түздөн-түз агрессия болбогон учурда деле тарта турган чыгымдар өтө көп болот.

- Эми эмне кылышыбыз керек?

- Чалгын иштерин күчтөндүрүп, чек араларды бекемдеп, аскердик машыгууларды күчөтүп, кошумча курал жарактарды алышыбыз керек. Кудай сактасын, качкындар каптабасын.

- Эмнеге, буга чейин да качкындар келди беле?

- Кыргызстанга талибдер биринчи жолу бийликке келгенде, 2000-жылга чейин өтө көп афган качкындары келишкен. Аларга кошулуп, индус, иран, пакистандыктар да көбөйүшкөн. Афгандыктардын көбүн Канада өкмөтү алып кетип, Кыргызстанда бир топ азайган. Азыр миграция кызматы, УКМК чоң иштерди жасашы, көзөмөлдү күчөтүшү керек. Качкын атын жамынып, террорист, радикалдар кирип кетиши мүмкүн. Атайын кызматтар граждандык сектор менен эмес, так ушулар менен алпурушчу мезгил келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости