www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия "өзгөчө тышкы саясий кырдаалга" байланыштуу Өзбекстандын жарандарына виза берүүнү токтотту.

Германиянын Өзбекстандагы элчилиги виза берүүнү токтотконун жарыялады. Бул тууралуу Германиянын Ташкенттеги элчилигинин баракчасында жазылган.

«Учурдагы өзгөчө тышкы саясий кырдаалга байланыштуу, Ташкенттеги элчиликтин виза бөлүмү кийинки билдирүүгө чейин жабык болот. Ташкенттеги Германиянын элчилигине, айрыкча виза алуу үчүн болгон жолугушуулар дароо эле жокко чыгарылды», - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Германия өз жарандарын жана оогандарды Кабулдан Өзбекстан аркылуу эвакуациялоо операциясын жүргүзүүдө.

Бундесвердин аскердик учактары Афганистандан Ташкентке учат (Германиянын В.М. - редактордун эскертүүсү). Ташкенттен эвакуациялангандар Германияга Lufthansa жана Uzbekistan Airways учактары менен жөнөтүлөт.

Эске салсак, 15-августта Афганистандын президенти Ашраф Гани отставкасын жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен. Ага удаа Афганистандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарды «Талибан» кыймылы көзөмөлгө алгандыктан Афганистандан чыгып кетүүнү каалаган адамдар аэропортко чогулду. Аба каттамдары да токтогондуктан дипломатиялык аскердик-транспорттук учактар гана каттап, мындан улам аэропортто баш аламандык башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости