www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-августтагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан беш адам каза болду.
Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2489 адамга жетти.
Соңку бир күн ичинде вирус дагы 228 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (152) жана Чүй (27), Ысык-Көл (26) облустарында.
Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 174 148 адамга жетти.
Бир күндө 394 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 1375 адам жатат, дагы 2159 бейтап үйдөн дарыланууда.
Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.
Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.
15-июнда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан.
Булак: NazarNews.kg