www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооганстандын Панджшир провинциясында «Талибанга» каршы коалиция түзүлүүдө. Ал негизинен этникалык тажиктер менен өзбектерден турат. Каршылык көрсөтүүчүлөрдү мурдагы вице-президент маршал Абдул-Рашид Достумдун уулу Ян Мохаммад Достум жетектейт, деп билдирет РБК.

Ооганстандын Панджшир провинциясы — талибдердин көзөмөлүндө болбогон жалгыз аймак. Ал жерде каршылык көрсөтүүчүлөрдүн лидерлеринин бири, «Талибанга» каршы коалициянын мурдагы лидери Ахмад Шах Масуддун уулу Ахмад Масуд жана Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салех отурукташкан. 17-августта президент Ашраф Гани өлкөдөн качкандан кийин, Салех өзүн мамлекет башчысы деп атап, согушкерлерге эч качан багынбай турганын убада кылган.

Эске салсак, 15-августта Афганистандын президенти Ашраф Гани отставкасын жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен. Ага удаа Афганистандагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттарды «Талибан» кыймылы көзөмөлгө алгандыктан Афганистандан чыгып кетүүнү каалаган адамдар аэропортко чогулду. Аба каттамдары да токтогондуктан дипломатиялык аскердик-транспорттук учактар гана каттап, мындан улам аэропортто баш аламандык башталган.

Кабулдагы аэропорттон учуп бара жаткан учактан адамдар (2-3 адам) кулаганда тартылган видео тараган. Жыйынтыгында анын бирөөсү фудболчу экендиги белгилүү болду. Учакка батпай калган адамдар анын сыртына чейин жармашып алышкан.

"Талибан"* кыймыл Кыргызстан, Орусия жана башка өлкөлөрдө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости