www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Шайлоочулардын кескин көбөйгөнүнө айрыкча сиздердин партия каршылыгын билдирип чыкты...

-- Биринчи жагынан, адамдардын катталуу укугу бар. Бул өздөрүнүн иши.   Бирок, шайлоонун алдында кескин көбөйүп, массалык түрдө катталуу күч алганы туура иш эмес. Биз “шайлоого жарым жыл калганда катталуу токтотулсун” деген сунушту киргизип жатабыз. 

Булар туруктуу жашоо принцибин бузуп жатат. Айылдыктар келип шайлоого катышып, шаардын тагдырын чечип койгонго тете болуп жатат. Эмне үчүн “эрте” деп жатабыз?  Шайлоого даярдыктар ушундан башталат экен да. Кимдир бирөөлөр тарабынан “кара” жолдор, жасалма жолдор менен жеңели” деген ойлор, пландар болуп жатат.

-- Буга кайсы бир партиялардын тийешеси барбыКандай божомолдоп жатасыздар?

-- Болсо керек деген божомолдор бар. Бирок атоого эрте.

-- Кандай чара көрсө болот?

-- Бир үйгө 1300 тургун катталып жатат. “Шайлоодогу добушту сатып алуу аракети” деп кылмыш ишин козгосо болот. Мамлекеттик каттоо кызматына “кайсы үйгө канча адам катталганынын толук тизмесин  бергиле” деп кат жөнөттүк. Бир ай аралыгында канча адам катталганын элге ачык алып чыгуу керек. 

-- Шайлоо комиссиясы мындай көрүнүшкө кандай карап жатат?

-- Шайлоо комиссиясынын бул жерде укугу чоң. Прокуратурага, мамлекеттик каттоо кызматына кат жөнөтүп, баарын аныктап чыга турган негизи булардын жумушу. Алар кылбаган үчүн биз кылып жатабыз. Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Атыр Абдрахматова гана болгон жаңылыктарды өз баракчасына чыгарып, активдүү иш алып барууда.

Жамиля Нурманбетова

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости