www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТАГДЫР -  Диана: “Кызым көрбөй калабы деп коркуп жатам”

Учурда 20 жаштагы жалгыз бой эненин 8 айлык наристеси ретинопатия оорусунан жапа чегип келет.(ретинопатия оорусу тууралуу буга чейинки публикацияда)
Ал алты жарым айлык болуп төрөлгөн. Апасы кайдыгер эмес адамдардан жардам сурап бизге кайрылды.
- Диана, кызыңыздын оорусун кантип билдиңиз?

- Менин бул кызым – тун наристем. Кош бойлуу кезимде бөйрөгүм ооруп кыйнала баштадым. Аягында кан басымым жогору болуп кызым Жалал-Абаддагы төрөт үйүнөн 6,5 айлык болуп төрөлдү. Салмагы 1200 грамм болду. Бир жарым ай вакуумда жаттык. Үйгө чыгып келгенде телевизордон үн чыкса карап, жаздыктын гүлүн тиктеп жакшы эле болчу. 3 айында көзүн тегеретип алаңдап калды. Күлбөй да калды. Мындай өзгөрүүнү дароо байкап, Казарман райондук ооруканасына алып баргам. Баары жакшы деп эки жолу кетирип жиберишти. Үчүнчүсүндө шаарга келдик. Эне жана баланы коргоо борборундагы невропатологго кайрылдык. Доктурлар аппаратка салып ретинопатия деген диагноз коюшту. Тилекке каршы, бизде дартты аныктаганы менен аны дарылоонун заманбап ыкмалары жок экен. Биздин дарыгерлер чет элдик адистерге кайрылууну сунушташты. Бул жерден доктурлардан да ката кетип калды. Ара төрөлгөн кызымды вакуумга жаткырганда көзүн таңыш керек болчу экен. Андагы жарык көздү ого бетер жейт тура. Мен аны азыр билип отурам.
- Эми кайда алып барып дарылатсам деп ойлойсуз?
- Кош бойлуу кезимде эле ажырашып кеткем. Атасы каралашып турат. Менден башка беш бир тууганым бар, алар жөлөк пул менен жашашат. Кызымдын көзү күн өткөн сайын көрбөй баратат. Коркуп жатабы, билбейм, ыйлап тынчы кетет. Аны көргөн сайын жанымды коёрго жер таппайм. Бул оору күн өткөн сайын күч алып, биротоло көрбөй калуу коркунучу бар экен. Элден жардам сурап вотсаптан кызымдын сүрөтүн тараттым. Арасынан кол сунган мээримдүү адамдар болуп жатат. “Элим барсыңбы?” деген фонддон жардам сурадым. Ал жактан бир эже кызын ушундай оорудан айыктырыптыр. Ага байланышка чыгып сурасам, “Санкт-Петербургдагы клиникадан жасатсаң жакшы болот” деген кеңешин берди. Бишкекте түрктөрдүн жеке клиникасында жасашат экен. Ал жакка барсам акысы 9 миң доллар дешти. Ал клиникадан жасатып көргөн ата-энелерге да байланышка чыктым. Клиника тууралуу көп деле жакшы пикир укканым жок. Менин кызыма Питерден жасамай болушту. Бир операция 5 миң доллар турат экен. Кызымдын көзүн толук текшерүүдөн өткөргөндөн кийин канча операция жасаларын так айтышат экен. Бир жашка чейин операция жасатсак, көрүп кетүү мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору дешти. Азыр мага ар бир күн, саат кымбат болуп турат. Менин абалыма кайдыгер карабаган жарандардан кызымдын көрүп кетүүсүнө жардам берүүңүздөрдү өтүнөм!

Диананын Элсом номери: 0505 01 09 98

Анара Дүйшөналиева.

Булак: "Леди KG"

Последние новости