www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кениянын Тана Ривер аймагында жүргөн селде 3 миңден ашуун киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду. Кения Кызыл Крест координатору Жарред Бомбей түштүктөгү Тана Ривер аймагында Тана дарыясынын ашыкча жамгыр жаашы менен ташкандыгын белгиледи.

Бомбей селден улам аймактагы 3 миңден ашуун кишинин үйлөрүн таштап, коңшу аймактарга баш калкалай баштагандыгын айтты. Кызыл Крест жетекчиси аймактын түндүгүндөгү Матенгени районунда 134, Бакуюу жана Бока райондорунда болсо 700гө жакын үй  - бүлөнүн селге кабылуудан акыркы минутада кутулуп үйлөрүн таштап кеткендигин билдирди.

Жетекчилердин эскертүүсү менен башка кыштактардагы үй  - бүлөлөр сел коркунучунан коргонуу үчүн ар башка аймактарга көчүштү.

Ошол эле учурда көчкөн үй  - бүлөлөр үчүн чатыр лагерлер курулуп, тамак  - аш жардам берилгендиги билдирилди. Жетекчилер элди этият болуу тууралуу эскертүүдө. Селден улам Тана дарыясынын тегерегиндеги көп сандаган үй жараксыз болду. Аймакта фермалардагы көп сандаган малдар да жок болду. Өлкөдө бул айдын башынан баштап болгон селдерде эң аз 21 киши каза тапты.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости