www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

— Жусуп аке, 2005-жылы Нооруз майрамынын алдында сизди эл бий көтөрдү эле. Биринчи революция болгон 24-март да жакындап келатат. Бий болгон күндү эстеп, ошол кезде сиздин жаныңызда жүргөн азаматтар менен жолугуп, өткөнгө назар салайын деп план коюп жатасызбы?

— 2005-жылы 15-мартта 32 миң эл чогулуп, Жалал-Абадда чоң курултай өткөн. Ага Бакиев баштаган саясатчылардын көбү келген. Алар курортто түнү менен Жалал-Абадга лидер кылып кимди шайлайбыз деп кеңешип, менден башка 6 адамды тандашат. Тандаган 6 адамы көнбөй коёт. Коркушкан да. Дооронбек Садырбаев менен Өмүрбек Текебаев экөөсү менен жолукканда, курултайга катышасыңарбы деп сурасам, ал экөө “Бул курултай эмес, бийликти басып алуу” деп кетип калышкан. Үсөн аке менен Топчуке мени чакырышып “Жусуп, сени бул жердегилер угат турбайбы. Сени колдогон тарапташтарың да көп экен. Биз сени Жалал-Абад облусуна элдик губернатор кылып шайлап коёлу” дешти. Андай болбойт, силер менин башымды кылтакка салып бергиңер келип жатабы? Өзүңөрдүн адамыңар жокпу?- дедим. Анда олку-солку болуп турган кез да. Кокус, утулуп калсак 25 жылга кесилип кете бересиң. Ал жерде 4-марттан баштап менин колдоочуларым обладминистрацияны басып алып, ал жерге 7 боз үй тигип олтурушкан. Экөөсү боз үйдүн аркасында “Ушундай күндө элдин башында турбасаң, качан турасың?” деп эки жагымда туруп алышты. Элге салгыла, эл колдосо мен да макул болом, колдобосо мен дагы дароо токтотом дедим. Аксылык Жаныш Курбанов дегенди коёбуз деген экен. Ал элге чыгып “Мен мындай ишти алып баралбайм” деп баш тартты. Азимбек Бекназаров андан кийин менин атымды айтты эле, дүркүрөгөн кол чабуулар кетти. Эл колдоп, батасын берип жатса, өзүм батадан качсам өлкөмө эмне керегим бар деп өзүмө-өзүм дем бердим. «Оомийин» деп бата тартылардын алдында колумду көтөрүп, кагылайын эл-журт, мени азыр губернатор дебегиле, жаңы президент келип калса, өзүнүн Указы менен губернаторду шайлайт, силер мага бий деп бата бергиле деп сурандым. Ошентип бий деп көтөрүлгөм. Эл бирөөнүн терезесин талкалаган эмес. Обладминистрациянын дарбазасынын алдына касса ачып, 17 адамды олтургузуп койгом. Эл тапкан нерсесин ошол жерге алып келишкен. Түштөн кийин “Мен революция жасагам, акчаны мен көтөргөм” дегендер чыкпадыбы. Биринчи революцияны мультимиллионерсиз эле эл өзү жасаган.

— Сиздин мурунку партиялаштарыңыздын “Эки революцияга тең биз активдүү катышканбыз” деген сөзүн угуп, ордуңуздан секирип кеткен жоксузбу? Андайга чыдап олтура алчу эмес элеңиз…

— Карамушкина ошентип айтканын угуп алып, «түй-ата» деп санды чаптым. Ошол аял “Эки революцияны тең КСДП аткарган” деп уялбай айтып жатат. Кагылайын Карамушкина, биринчи революцияда түштүктө КСДПны эч ким тааныбайт болчу. Ал тургай аты жок эле. 2007-жылы партиялык тизме менен шайлоо башталганда КСДПга кошулуп, Оштун Кара-Суусунан баштап Чаткалга чейин Бакыт Бешимовду кошуп алып барып, КСДП деген ушундай партия бар деп мен тааныткам. Булар көлөкөсү көрүнбөгөн жерде да биз жүргөнбүз деп мактанат, жасаган ишимди айтып мен дагы мактанып коёюнчу Карамушкинага. Атамбаев да “Эки революцияны мен кылгамын” деп уялбай мактанды. Жалал-Абадда Атамбаевдин караанын көргөн эмесмин. Туура, экинчи революцияны кылды, өзү башында турду. Канча азаматтын өмүрүн кыйды?

— Атамбаев 7-апрель күнү 10 миң адамды баштап жөө жүрүшкө чыга турганы айтылып жатпайбы…

— Мен ал кишинин элди көчөгө алып чыгам дегенин кенен айтып берейин. 2009-жылы Атамбаев президенттикке ат салышпады беле. Мен ал учурда КСДПдан депутат элем. Жалал-Абадга келгенде тосуп алгам. Жанында Азимбек да бар болчу. Алар Аксыдан келишкен. Мен Топурак-Белден күтүп алгам. Азимбектен “Бул ичип алганбы?” деп айтсам, “Туугандарым чакырып сыйлады” деген. Атамбаев Аксыдан ичип келген. Жалал-Абаддагы эң жакшы мейманканасына алып баргам. Мейманканага келгенде “Мени начар мейманканага алып келдиң” деген шылтоо таап, сөгүнө баштады. Экөөбүз катуу айтыша кеткенбиз. Атамбаев ошол жерде ичип олтуруп “Мен керек болсо миңдеген адамды БШКга алып чыгып, кан төгүү болсо да добуштарды санатам” деп айтканы. Сен не жарандык согуш чыгарайын деп атасыңбы?! Эмнени көздөп атасың?- десем, “Анча-мынча жертва болсо эч нерсе болбойт” деп айткан сөзү бар. Аны Азимбек да уккан. Андай болсо экөөбүздүн жолубуз эки башка деп чыгып кетип калгам. Азыр дагы 10 миң адамды баштап чыгам дегени жаман оюн. Бул көралбастыктын иши да. Анча адамды эмне себептен алып чыгат? Коркутуп, азуусун көрсөтөйүн деп атабы? Андай болсо Жээнбековдорду колдогон 20 миң адам чыкса эмне болот? Элди бөлүп-жарганды көксөп жатабы? Мискенбаев дегени менен өзүнүн оюндагысын айттырып жаткан жокпу? Анысы болсо “Асылбек мандатын тапшырсын” деп тантырап жатат. Асылбек Сооронбай президент болгуча эле депутат болбоду беле. Керек болсо Асылбекти КСДП өзү тарбиялап депутат кылган. Азыр болсо Мискенбаев дегени куюшкандын түбүндөгү чымынга окшоп кыпчылып жатат. Аны колдоп Алга Кылычев дегени да чыгыптыр. “Сооронбай Атамбаевдин ишин улантпаса 6 жыл өлкөнү башкара албай калабы?” дегендей болуп. Бул сөздү кандай түшүнсө болот? Түз эле элди бөлүп атпайбы. Бийликтен кеткенден кийин тынч эс ала бер да. Ыр жазганга, обон чыгарганга жакшы шарт түзүлбөдүбү…

Маектешкен Наралы Асанбаев

 

Последние новости