www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээги кыргыздар - Азиялык, өзүнүн дүйнө таанымы, философиясы, тарыхы, рух дөөлөтү, керемет тили, таза дил, аруу жан дүйнөсү менен айырмаланган, адагерчиликти, акыйкаттыкты, адептүүлүктү, абийирди, ар намысты, калыстыкты ыйык туткан коом эле. Учурда, демократия деп ураан чакырып эркин эл болобуз деп, ээктешпей жаакташып калдык окшойт. 30 жылдагы Кыргызстандын тагдыры окко дагы, бокко дагы чыланды. Кошуна мамлекеттер башында таттуу пикирин айтса, акыркы учурда ачуу пикирин айта баштады. Бул чындыкка баш ийбегенге арга жок. Дегенибиз, менен калыс пикирин айтып, элди ынтымакка чакырган, калыстыкты айткан мырзалар дагы жок эмес. 

--Жакшы көрсөк да, жаман көрсөк да Садыр Жапаров башчыбыз, Президенттибиз. Сын айтканыбыз жакшы жолго түшсүн деген ниетибиз. Беркилердей болуп уурдоо, арамдан баюу менен алектенип, куулуп кетпесе экен деген ойдо камчылайбыз. Бирак ки, бу киши Алла берген мөөнөтүнө чейин иштесин. Обужок эле каршы чыга бербейли. Ар кайсы саясий топтун чагымдарына аралашпайлы. "Илибой" падыша үчүн мөөнөтүнөн мурда элинен жек көрүү менен кубалангандан өткөн "позор" жок. "Так что", ушуну эстей жүр Садыке. Жыйган дүйнөнү ала кетпейбиз. Жесең да, элди, мамлекетти бутуна тургузуп алып же. А күнү жегениңе деле макулбуз..., дейт белгилүү журналист Семетей Талас уулу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости