www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто-Азиядагы абал кооптуу. Америка Афганистандагы базасын алып чыгып кетти. Анын соңунан эле талибдер кыр көрсөтүп, кол салып ыдык көрсөтө баштады. Алардын оюн салып жатканы бизге дагы түз коркунуч жаратат.

Геосаясатта чоң державалардын ортосунда тиреш бар. Америка базасын Орто-Азияга жайгаштырып турганга караганда алып чыгып кетип, жең ичинен талибдердин колтугуна суу бүркүп турганы көп пайдалуурак.

Орто-Азиядагы коопсуздук кырдаалды, террордук күчтөрдү кармоо үчүн Россия аскерин, каржылык чыгымдарын салууга кызыктар болгону менен, өздөрүнүн экономикалык абалы деле укмуш эмес.

Талибдер өлөрман, Орто-Азияга бүлүк салып, согуш чыгарган көнүмүш эле иштей. Тажикстанга кол салып, чочулатты. Районун басып алганга чейин жетти. Тажикстанды бузуп өтсө, анда бизге жакын эле калат. Кошунанын шаштысы кетсе, биздин уйкубуз деле бузулат.

Садыр Жапаров иш сапары менен барып, коллегасы менен ушуну жашыруун сүйлөштү деп божомолдоп жатам. Расмий маалыматтарда экөө олуттуу деле эч нерсе талкуулаган жок. Бирок Орто-Азиянын коопсуздугу боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү окшойт. Аны жазында ызаа болуп калган эл намыстанып кабыл алды. Бирок сүйлөшүү өтө маанилүү болчу.

Ушундай оюмду жазсам, "талибдер бизге келиш үчүн Тажикстанды талкалап өтүш керек"-деген пикир айткандар болгон. Талкалап өтөбү, же коридор ачып алып өтөбү, баары бир өтүп кетүү коркунучу бар.

Мындай коркунуч Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан үчүн коопту. Орто-Азияда тынчтык болбосо, Россияга жагымдуу эмес. Ошон үчүн, жалпы коопсуздук чаралары жүрүп жатат. Өлөрман талибдерден Кудай сактасын. Орто Азиянын коопсуздугун чогуу ойлонуу керекпиз.

Дайырбек Орунбеков, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости