www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берди.

Анда ага журналисттер тарабынан "Орхан Инандынын уурдалышы боюнча депутаттардын биринин байланышы бар экени айтылды. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар" деген суроо берилди.

"Мен антип ойлобойм. Бизде кимдердин тиешеси бар экени боюнча маалымат бар. Бирок биздин өлкөдөгү кызматтагы адамдардын, уюмдардын тиешеси жок", - деди ал.

Орхан Инанды ушул жылдын 1-июнунан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Орхан Инанды атайын операциянын негизинде колго түшүрүлүп, Түркияга жеткирилгенин кабарланган.

6-июлда президенттин тапшырмасы менен Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Доганга Орхан Инандыны кайтарып берүү боюнча нота тапшырган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости