www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Босния жана Герцеговинанын курамынан түптөлүп чыккан Сербия мамлекети Россиянын жаратылыш газын рубль менен сатып алууга макул болушту. Бул туурасында Сербдердин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Душко Перович малымдады.  

Анын айтканына караганда Босния менен Герцеговинанын Министрлер Кеңеши россиялык газды жеткирүү боюнча газ түтүктөрүн курууну баштоо жагдайында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө макулдук беришкен. Аны Сербиянын газтранспорттук системасы менен байланыштыруу пландаштырылууда. Долбоор учурда даярдалып жатат.  

Сербия республикасына тиешелүү GAS-RES компаниясы өткөн жылы 1-июндан тартып «Газпром» менен келишимди узартышкан. Анда миң кубометрге 290 доллардан баасы коюлуп, бул суммага ар бир квартал сайын түзөтүүлөр киргизилип турмак. Сербия Республикасынын Энергетика жана тоо иштери боюнча министри Петар Джокичтин белгилөөсүндө Баня-Луку бул макулдашууларды толугу менен канаттандырды. 

Өлкөнүн Энергетика министрлигинин маалыматына караганда Сербиянын жылдык керектөөсү 50 миллион кубометрди түзөт.  

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости