www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сербиянын мурдагы президенти Милан Милутинович 80 жашында каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Ивица Дачич социалдык тармактарда билдирди.
Дипломат Милутовичтин үй-бүлөсүнө көңүл айтты. Кийинчерээк республиканын азыркы башчысы Александр Вучич экс-президенттин үй-бүлөсүнө көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
«Өлкөбүз жана элибиз үчүн оор тарыхый мезгилдерде жана сыноолордо эң жооптуу милдеттердин бирин олуттуу жана зор берилгендик менен аткарган Милан Милутиновичтин каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», - деди Вучич.
Милутинович Сербияны 1997-2002-жылдары башкарган. Ага чейин Югославиянын тышкы иштер министри болуп иштеген. Бул жылдар аралыгында ал Сербиянын билим берүү жана илим министри жана Югославиянын Грециядагы элчиси болгон.
Президенттик мөөнөтү аяктаганда, 2003-жылы Гаага трибуналы аны Косово менен Метохиядагы жаңжал учурундагы массалык кыргындар жана депортациялар үчүн күнөөлүү деп тапкан. Бирок, 2009-жылы трибунал Милутиновичти бардык беренелер боюнча актаган. Экс-президенттин Югославиянын армиясын тикелей көзөмөлдөбөгөнү жана башкаруучу саясий партияда негизги ролду ойнобогону далилденген.
Булак: NazarNews.kg