www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн кырдаалды талкуулашкан.

"Министр Руслан Казакбаев кесиптешин Кыргызстандын Баткен облусундагы 2021-жылдын 28-30-апрелинде болгон окуялар жана учурдагы кырдаал жөнүндө кабардар кылды. Ошондой эле Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эң жогорку  деңгээлде жетишилген макулдашууларды кыргыз тарап кармануу ниетинде экенин баса белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
Казакбаев менен Лавров бул чыр-чатакты бир гана саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү зарылдыгы боюнча бирдей пикирде болушкан.

"Сергей Лавров Россия өлкөнүн ишеничтүү өнөктөшү катары Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалга байкоо салып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстан тарабынан көрүлүп жаткан аракеттерди кубаттай тургандыгын белгиледи. Лавров Россия кырдаалдын андан ары турукташуусу үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө жана Баткен облусунун жаңжалдан жабыркаган тургундарына жардам берүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан менен Россиянын тышкы иштер министрлери алдыда боло турган тышкы саясий иш-чаралардын алкагында жакын арада жолугушууларды өткөрүү тууралуу макулдашты.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости