www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-майга карата Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чырында жабыркагандардын жалпы саны 178ге жетти, анын ичинен 34 адам каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова кабарлады.
2-майга караган түнү жабыркагандардын дагы сегизи Бишкектеги ооруканаларга которулду. Учурда Бишкекте жалпы 156 бейтап дарыланып жатат. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда 35 жаран, Улуттук госпиталда 12, Улуттук хирургия бррборунда 9 бейтап бар.
Анын ичинен бир адамдын абалы өтө оор, 6 бейтап оор абалда.
Мындан тышкары, Баткен облустук бириккен ооруканасында бир бейтап, Кадамжай аймактык ооруканасында 16 бейтап, Самаркандекте 2, Лейлекте 7 бейтап дарыланып жатат. Калган жабырлануучулар медициналык жардам алып, үйүнө чыгарылган.
Тажикстандан куткарылган 10 жаран медициналык көзөмөлдөн өтүп, бешөө оруканага жаткырылды.
Жабырлануучулардын бири медициналык кызматкер. Баткен облусунун үй-бүлөлүк медицина борборунун фельдшери Ашыралы Бурканалы уулу. Баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Учурда абалы туруктуу.
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Лейлек районунда.
Жабыркагандардын жарааты ар түрдүү, көпчүлүгүнө ок тийип, жардыруудан жаракат алган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал 28-апрелде башталды. 29-апрель күнү тажик тарап жергиликтүү тургундарга ок чыгарды. Оор согуштук техникалар менен аткылоодо Баткен облусунун бир канча айылындагы үйлөр талкаланды. 29-апрель күнү кечинде тараптар ок атууну токтотуу чечимин кабыл алышкан. Бирок 30-апрель күнү Тажикстан кайрадан ок атты.
Бүгүн, 2-майга карата Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасына жакын аймактарда абал тынч экенин Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Булак: NazarNews.kg