www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-майында түрк тарабынын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Түркия Республикасынын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглунун ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү уюшутурулду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн башында М. Чавушоглу Кыргыз Республикасынын элине көңүл айтып, 2021-жылдын 28-29-апрелинде кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяларда каза болгон жана жаракат алган жарандар тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алгандыгын белгиледи.

Ошол эле учурда, ал кырдаалды стабилдештирүү жана чыңалуунун андан ары курчушуна жол бербөө үчүн тараптардын көрүп жаткан чаралар боюнча жетишилген келишимдерди түрк тарабы колдоорун билдирди.

Министр Р. Казакбаев маектешине жылуу сөздөрү үчүн ыраазычылыгын билдирип, 30-апрелде Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон менен жетишилген келишимдерге жана тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрүнө ылайык, кыргыз жана тажик тараптары согуш аракеттерин токтотуу жана чек ара аймактарынан аскерлерди жана аскердик техникаларды чыгарып кетүү жөнүндө чечимге келгенин белгиледи.

Көздөлгөн иш-чараларды жүзөгө ашыруу жана эки боордош элдин кызыкчылыгы үчүн мындан аркы жемиштүү сүйлөшүү процессин алып баруу жана тийиштүү турукташтыруучу шарттарды түзүү максатында эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын жана аткаруу бийлик органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүлгөндүгү жөнүндө маалымат берди.

М. Чавушоглу жабыркагандарга медициналык жана гуманитардык жардам көрсөтүүдө түрк тараптын чечкиндүүлүгүн белгилеп, ошондой эле жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын аймагын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык калыбына келтирүүдө Түркия Республикасынын ар тараптуу жардамга даяр экендигин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости