www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барымтадан бошотулган 5 жаран ооруканага жаткырылды

Бүгүн, 2-майда Баткен облусунун жабыр тарткан тургундарына медициналык жана социалдык жардам тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат берди.

Анын айтымында, жалпы жабырлануучулардын саны 178 адамды түздү. Анын ичинен 34 жаран көз жумду.

"Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бешеналиев азыр Лейлек районунда. Бүгүнку күндө Лейлекке гуманитардык жардамдын баары келип жатканын тастыктады. Өзүңүздөр билгендей, кечээ барымтага алынган кыргыз жарандары бошотулган, анын баары медициналык көзөмөлдөн өттү. Анын 5и ооруканага жаткырылды. Жалпысынан 10 адамдын абалы туруктуу.

Жабырлануучулардын бири медициналык кызматкер Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгери Бурканалы уулу Ашыралы 29-апрелде ооруканага түшкөн. Диагнозу баш мээсинин чайкалуусу. Абалы канаааттандыраарлык.

Кечээ, түнү Баткенден Бишкекке дагы 8 жабырлануучу которулду. Жалпы Бишкек шаарында 56 бейтап дарылануусун улантууда. Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда - 35 жабырлануучу, Улуттук госпиталда - 12, Улуттук хирургия борборунда - 9 жабырлануучу бар.

Мындан тышкары Баткен облустук бириккен ооруканасында - 1, Кадамжай аймактык оорукасында - 16, Самаркандекте - 2, Лейлекте - 7 бейтап. Калган жабырлануучулар медициналык жардамддар көрсөтүлүп, ооруканадан чыгарылган. Жабырлануучулардын алган жарааттары ар түрдүү, көпчүлүгүнө ок тийип, жарылуудан алган жарааттар. Бишкекке которулган 1 бетаптын абалы өтө оор, 6 бейтаптыкы оор, калгандары орто оор жана канааттандыраарлык. Операцияга муктаждарга убагында жасалууда. Дары-дармектер жетиштүү", - деди Солтонбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости