www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуунун натыйжасында курман болгон жарандарды эскерүү үчүн 2021-жылдын 1-2-майын Кыргыз Республикасынын улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө КР президенти Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык КР Тышкы иштер министрлигинде жана Кыргызстандын бардык чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринде КР мамлекеттик желектери түшүрүлдү жана көңүл айтуу китепчелери ачылды. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында аккредиттелген дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын башчылары жана өкүлдөрү көңүл айтып, китепке тиешелүү жазууларды калтырышты.

Кыргызстандын дипломатиялык кызматынын жамааты кагылышуудан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

"КР Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги жана жамааты бир күндүк эмгек акыларын которуу чечимин кабыл алышты, ошондой эле министрликтин кызматкерлери тарабынан финансылык жардам топтоо уюштурулду жана Баткен облусунун жабыркаган тургундарын колдоо үчүн гуманитардык жүк жиберүү пландалууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости