www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, жаранды сабады деген маалымат боюнча журналисттердин суроосуна жооп берип жатып айтып берди.
"Мен ал боюнча ЖМКлардан окудум. Айрым журналист кыздар "чоң муштум" деп, кичине нерсени көбүртүп-жабыртып салышты. Ооба, ал окуя болгон. Айтылып жаткандай ал куруучу эмес, электрик болчу. Анын менен миллион сомго бир жылга келишим түзгөнбүз. Ал 900 миң сомун алган. Бирок, келишимде көргөзүлгөн жумушун аткарбай жүргөн. Мен аны чакырып, мындай кылганы туура эмес экенин айттым. Ортобузда оозеки уруш орун алып, сөгүшүп кеткенбиз. Ал эми аны сабады жана ооруканага жатты деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деди депутат.
Эске салсак, буга чейин депутат Жеңишбек Токторбаев Жалал-Абаддагы мейманканасынын курулушунда иштеген куруучуну сабаганы тууралуу маалымат тараган.
Булак: NazarNews.kg