www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азиядагы эң ири Cathay Pacific авиакомпаниясынын кеминде 50 рейси Гонконг аэропортундагы компьютердеги мүчүлүштүктөн улам кечигип, анын кесепетинен жүздөгөн жүргүнчүлөр тыгынга учурады. Бул тууралуу бейшембиде South China Morning Post басылмасы жазды.
Мүчүлүштүк түн жарымынан жергиликтүү убакыт боюнча 11:00гө чейин созулган. Учуулар бир нече мүнөттөн бир саатка чейин кармалып турду. Маалым болгондой, системанын бузулушу аэропорттун түштүк бөлүгүндөгү кезектеги техникалык тейлөө жана текшерүү учурунда аныкталган.
Аба портунун администрациясы мүчүлүштүк тууралуу тиешелүү авиакомпанияларга дароо маалымдап, жүргүнчүлөрдү аэропорттун түндүк тарабына жөнөткөн. Авиакомпаниялар өз кезегинде жүргүнчүлөргө кечигүүлөр тууралуу эскертип, рейске катталуу узакка созулушу мүмкүн экенин эске алып, аэропортко эрте келүүгө чакырышты.
Булак: NazarNews.kg