www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаардыктар жаңы дайындалган мэрге каршы митинг өткөрүшүүдө

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэриясынын имаратынын алдында митинг өтүп жатат. Болжол менен 50 чакты адам чогулган.

Нааразы болуп чогулгандар мэрдин милдетин аткаруучу кылып башка адамды дайындоону талап кылып жатышат. Митингчилер талапкер «Мекенчил» партиясынын өкүлү болсун деген талабын айтышты.

9-февралда эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалган. Бирок премьер-министрдин бул чечими бир күндөн кийин жокко чыгарылганы жарыяланды.

Бүгүн, 10-февралда эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергеновго жүктөлгөнү белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости