www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы бийликтин өз кадрлары жогунан «Күн тийген жердин күкүктөрүн» же жеткен кошоматчылар Акылбек Жапаров, Нуржан Шайлдабекова, Сүйүнбек Касмамбетов, Руслан Казакбаев сыяктууларды көзүр кылып алды.Булар бийликтин башына күн түшкөндө таштай качып жаңы бийликтин бутун кучактай турган немелер. Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага ода айтканы элдин эсинде: «Ар кандай провокацияга барган жарандар да чыгып калышы мүмкүн, андайлар жок эмес. Мисалы, бирөө бюллетень салып коём деп байкоочуларга кармалып калса, УШК төрагасы, ИИМдин өкүлү барып туруп, ачык көргөзгүлө, жашырчу эч нерсе жок», — деген. Ошол эле кезде Жапаров БШКнын төрайымынын адилеттүүлүгүнө көзү жеткенин белгиледи. Ал Шайлдабекованы дайыма мыйзам чегинде иштегенин жана өз ишинде тажрыйбасы чоң деп өпкө-жүрөгүн чапкылап, алкады:
«Былтыркы октябрь окуяларынан кийин Нуржан Кармабекова БШКнын төрайымы болчу. Айрым эл Шайлдабекова кетсин деп жазып жатышат. Ачык айтайын, мен дагы мурун барын ушул аял кылып жатат деп жаман көрчүмүн. Барын БШК эле кылып жатат дечүмүн. Былтыр октябрь окуяларынан кийин президенттик шайлоону дайындабай туруңуз деп сурандык. Тарыхтын эски барагын жаап, жаңы барагы менен келели деп сурандык. Бирок болбой эле президенттик шайлоону үч айдан кийинкиге коюп салды. Айла жок шайлоого бардык.Ошондон улам шайлоого аралашып отуруп мен түшүндүм. Демек, маселе Нуржан Кармабековада эмес экен. Кептин баары төбөсүнөн басып отуруп алып, муну мындай кыласың, тигиндей кыласың десе көз каранды болуп айла жок жасайт экен. Кыргызда жакшы сөз бар “балык башынан сасыйт” деген. Ошондуктан, биз башындагылар сасыбасак, этеги жакшы эле болот экен. Ошондон кийин мен жаман көрсөм дагы кайра алып келип койдум. Анткени мыйзамдуулукту туу тутуп, шайлоону таза өткөрүүгө күчү да, акылы да жетет экен», — деди президент.
Жыйынтыгында президент Шайлдабекова сыяктуу кадрлар менен «жаман көрөбүзбү жакшы көрөбүздү, иштешишибиз керек» деп кошумчалаган: «Мындан ары дагы таза иштешиңер керек, эч кимди укпашыңар керек», — деген президент Шайлдабековага кайрылып.
Нуржан Шайлдабекова БШКны 2016-жылдан бери жетектейт. Бул аралыкта ал үч президент менен иштешти — Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров. Президент Садыр Жапаров кол койгон «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо коммисиясы жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, БШКнын курамына талапкерлердин 50%ын мамлекет башчысы сунуштайт.
Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келди. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат. Парламенттик шайлоого 21 партия катышаып 7 жеңишке жетти.
Ушул мыйзамды кабыл аларда бийликтин алмашышына өзүнүн оюу боюнча эч кандай күнөөсү жок, дайыма ким бийликте болсо ошону карап жылмайып сүйлөгөн Нуржан Шайлдабекова:
"Партиянын ичиндеги коррупцияны көрүп жатабыз, партияларга жакшы шарттар түзүлгөн. 10 жыл бою өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышкан. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да партиялар маанилүү институт. Ошондуктан 55 орун берилген", — деген.
«Республика» партиясынан депутаты Мирлан Жеенчороев чыгып БШК төрайымына кайрылып, элдин депутаттарга көңүлү тойбогону таза шайлоо өтпөгөнүнө байланыштуу экенин айткан:
"Сиз өзүңүздөгү төөнү башканын көзүнө түртүп жатасыз. Саясий чөйрөдө хамелеондор чоң көйгөй жаратат. 2017-жылы эбегейсиз административдик ресурс колдонгондо, атаандашына кылмыш ишин козгогондо сиз башыңызды катып отуруп алгансыз. Ал эми 2020-жылы эки партия акча таратып, админресурс колдонгону боюнча сизге толтура арыз жазганда чечим кабыл албай койгонсуз. Саясий, карьералык кызыкчылыгыңардын негизинде унчукпай отуруп алдыңар. Партияларда, албетте, күнөө бар, бирок эң чоң күнөө үч-төрт шайлоону өткөргөндөрдө", — деген Жеенчороев.
Ошондой эле «Республика» партиясынан депутаты Шайлдабекованын буга чейин "ЖКда отурган партиялар өзүнүн институтун дискредитация кылып, ишинин маңызын билбей койду" дегенин сындаган.
"Кечээ күнү эле биз менен иштешип, жети жыл бою кол кармашып жүргөн киши бүгүн өзүнүн саясий боёгун жоготуп, ушинтип атырылып жатат. Бул бери жагын айтканда тарбиясыздык, этикага жатпайт. Күнөөнү бир тарапка шылтап коюп мен тазамын дегенден алыс болушу керек. Уят болот!" — деген депутат.
Бирок БШК төрайымы антип эч кимге интервью бербегенин айтып, депутатты туура эмес маалымат таратпоого чакырган. Мындан улам Жеенчороев Шайлдабекованын пикири тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине чыккан материалды окуп берген. Ал эми Шайлдабекова ЖМКга чыккан маалыматтар үчүн жооп бербестигин айтып, ошол эле учурда кайра "эмне чынында андай эмеспи?" деп суроо салган.
Ага жооп берген «Республика» партиясынан депутаты БШК өзү коррупциялашып кеткенин билдирип, дискредитация тууралуу айтканда "кээ бир партиялар" деп сүйлөөгө чакырган.
“Азыр депутаттарды шайлоодо эки система каралып жатат. Президенттин демилгеси менен бул долбоор ишке ашууда. Азыр коомдук талкууга коюлууда. Ар бир системанын артыкчылыктары жана кемчиликтери бар. Бул система аралаш болгондуктан кемчиликтер көп. Мында гендерлик квота жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын дагы укуктары каралган.
35 депутатты бир мандаттуу болот деген жагы дагы каралууда. Жалаң гана көз карандысыз талапкерлер дагы Жогорку Кеңешке катышса болот. Мыйзам жөнөкөй механизм болбошу керек. Отуз бешөө округдан шайланып келет. Калган мандаттар партияларга берилет”, - деген Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова.
Аралаш шайлоо тутумунун Кыргызстанга кандай артыкчылыктары бар? Конституциялык мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү жана 2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясын аткаруу максатында иштелип чыккан. 2021-жылы 28-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 23-мартындагы буйругуна ылайык түзүлгөн Жогорку Кенештин депутаттарын шайлоо тартиби боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Ведомстволор аралык жумушчу топтун чечими менен шайлоо тутумдарынын эки модели (бирдиктүү шайлоо округу боюнча ачык тизмелер менен пропорциялык тутум жана аралаш шайлоо тутуму) боюнча мыйзам долбоорлору тиешелүү чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген.
Президент тарабынан аралаш шайлоо тутуму боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин кароосуна киргизилген. Белгилей кетүүчү нерсе, ачык тизме менен пропорционалдык тутумдун дагы, аралаш тутумдун дагы өзүнүн артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.
Идеалдуу шайлоо тутуму жок, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жол-жобосун өзгөртүү боюнча коомчулуктун өтүнүчүн канааттандыруу зарылчылыгы пайда болду, мында талапкердин көрсөтүү субъектиси саясий партиялар гана эмес, ошондой эле жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен боло алат.
Артыкчылыктар: 1) парламенттеги региондук өкүлчүлүктү максималдуу түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет;
2) жарандар иш жүзүндө бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтө алышат;
3) депутаттын шайлоочулар менен тыгыз байланышы, шайланган депутаттардын жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги камсыз кылынат, депутаттын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт, шайлоочулар парламентте алардын кызыкчылыгын ким коргоп жаткандыгын так түшүнүшөт;
4) учурдагы шайлоо тутумунун артыкчылыктары жана жетишкендиктери сакталат: - квоталар аркылуу социалдык топтордун өкүлчүлүгү; - саясий партиялар институтун андан ары өнүктүрүү.
5) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн эки субъектиси. Мындай система аз сын-пикирлерди жаратат (калктын талабы канааттандырылат);
6) аралаш шайлоо тутуму бир катар КМШ өлкөлөрүндө (Орусия, Грузия, Украина), Европада (Италия, Германия, Венгрия) колдонулат жана өзүнүн эффективдүүлүгүн эң ийкемдүү жана туруктуу катары далилдеди, айрыкча мамлекеттик институттарды калыбына келтирүү кырдаалдарында катуу кризистерден кийин.
Кемчиликтери: 1) бир мандаттуу шайлоо округдарында квоталардын сакталышы камсыздалбайт, бирок бул пропорционалдык системада сакталган жана күчөтүлгөн квоталар аркылуу компенсацияланат.
2) бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин түзүүнүн татаалдыгы.
3) бош мандат болгон учурда бир мандаттуу округдардагы жаңы шайлоолор өткөрүү, бюджетке кошумча финансылык жүк.
4) чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын бир мандаттуу округдарда добуш берүүгө укугу жок.
МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ: Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын аралаш (туташ) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутуму сунушталат (59-берене):. 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат; 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча шайланат. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугу төмөнкүлөргө таандык: пропорциялык тутум боюнча – саясий партияларга; мажоритардык тутум боюнча – саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары президент тарабынан сунушталган шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү демилгесин сындады. Эл өкүлдөрү пропорционалдык жана мажоритардык система менен ЖК депутаттары тандалса байлар менен партия лидерлери гана өтө турганын айтууда.
"Нуржан Кармабековна, сизди тажрыйбалуу адам катары сыйлайм, бирок бүгүн сизди тааныбай турам. Эгер бул мыйзам өтүп калса пропорционалдык системада үч пайыздык босого менен 10дон ашык партия келет. 55 мандатты бөлө келгенде ар бирине беш-алтыдан тиет экен. Анда парламентке партия лидери жанындагы эки «золотою» жана эки олигарх менен келет. Ал эми мажоритардык системада гендердик теңдик сакталган эмес, жаштар, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар шайлана албайт. Сиз ушуну каалап жаттыңыз беле?" — деген депутат Улугбек Садиков.
Шайлдабекова сунушталган мыйзам долбоорунда партиялардын талапкерлерди көрсөтүү монополиясын жоюу жана көз карандысыз талапкерлерге мүмкүнчүлүк берүү каралганын билдирди. Ошондой эле ал президент Садыр Жапаровго мыйзам долбоорунун эки вариантын сунуштап, азыркысын тандаганын айтты. Эл өкүлү Жыргалбек Турусбеков дагы азыр бул система менен бир партиядан 5-6 депутат шайланса элге берген убадасын аткара албастыгын белгиледи. Аны менен катар пропорционалдык системада байлар, партия лидерлери, бир мандаттуу округдан да байлар эле шайланып, жаштар келе албастыгын эскертти.
Парламент депутаты Рыскелди Момбеков «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоору Кыргызстанда саясий туруктуулукка кедиргисин тийгизерин айтты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. «Бул мыйзам эмес резолюция. Ал эми революция менен резолюциянын арасында бир эле тамга. Бул мыйзам менен парламентке жаштар келе албайт. Базаркомдор, банкирлер, бандиттер, олигархтар келет. Ушул мыйзам менен башка ким, кантип келет? Ким кепилдик берет? Эч ким».
Былтыр күздөгү парламенттик шайлоонун ыплас өткөнү маалым. Административдик ресурс колдонулуп, сатып алуулар чектен ашкан. Өзгөчө бийлик партиялары ашынып кетишип, мандаттарды күчкө салуу менен гана бөлүп алышканы эсибизде. Карайлаган карапайым калк жарылып, бийлик алмашуу таризинде төңкөрүш жасалган. Жоготууларга учурадык! Бул кейиштүү окуяга БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова башкы күнөөкөр катары белгилүү эле.
Албетте, ийне жибине чейин чечмелөөнүн кажети жок. Элибиз баарын билет. Дал ушундай саясый чоң ката кетиргенден кийин Шайлдабекова сыйы менен кызматын тапшырып, токтоосуз кетиши керек эле. Тилекке каршы, былтыртан бери креслосуна жармашып, кайрадан БШК төрайымдыгына шайланып алды. Президенттик аппараттын тандоосу болгону талашсыз.
Бийлик эски каталардан арыла албай, дал ушул дайындоо аркылуу акылдан азап чегүүдө. Убагында Алмазбек Атамбаевге, кийин Сооронбай Жээнбековго кызмат кылган, шайлоолордогу мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке көз жумган Нуржан Шайлдабекова эми Садыр Жапаровдун “кол жоолугуна” айланганы баш чайкатат. Бул жагынан коомчулукта нааразычылык күчөп баратканы, убагы келгенде чийинден чыгып кетпейби?..
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg