www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттер алмашып, мамлекетти башкаруунун формасы өзгөрдү, Бирок бийликтин шайлоодогу амалкөй жүрүштөрү ошол бойдон. Бул ирет башкача сценарий болушу мүмкүн эмес — кийинки шайлоого президенттин «батасын» алган жаңы партия аттанып жатканы айтылууда. Эгемен Кыргызстандын жарандары кийинки жылы жетинчи ирет Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайт. Кезинде Акаевдин «Алга», Бакиевдин «Ак жол», Алмазбек Атамбаевдин КСДП партиялары бардык рычагдарды колго алып, жеңишке жетип келгени жашыруун эмес. Социал-демократчы болгон менен жолу кайчылаш кеткен Сооронбай Жээнбеков кандай амал кылат?

Акыркы   эки   күндөн   бери   соцтармактарда жана онлайн басылмаларда саясий талаага президентти колдогон жаңы оюнчу кошулганын жазып жатышат. «Вечерний Бишкектин» маалыматында социал-демократчы Марат Аманкулов партиянын съездин өткөрүп, алардын катарына бийликтин өкүлдөрү кошулуп жатат. Соцтармакта азырынча Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматовдун аты аталууда. «Караңгыда жол таап», демилгени көтөргөн Зулпукаров экени да белгиленди. Божомол   боюнча   «Биримдик»   партиясы тууралуу сөз болуп жатат. Бул партия 2005-жылы Ош шаарында активдүү аялдардын башын бириктирүү максатында түзүлгөн. Лидери - азыр ЖКда КСДПдан олтурган Айнуру Алтыбаева. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ар-Намыска» кошулган, акыркы шайлоодо көпчүлүктүн катарында социал-демократтардын туусуна бириккен. Бул жолу ооматы келип, Алтыбаева партиясын жакшы акчага сатканы айтылууда. Айнуру Алтыбаева бардык социал-демократчылардай эле келечеги туман болуп турганын айтып, «Биримдиктин» жакында өткөн съезди тууралуу кептерди «Вечерний Бишкекке» ырастаган да жок, төгүндөгөн да жок.  

«Бардык      жагдайлар      жаңы      жылдан кийин белгилүү болот», — деп ого бетер табышмактатты ал. «Жебе Медианын» Марат Аманкулов менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок. Төрөбай Зулпукаров болсо жаңы партия  тууралуу интернеттен окуганын билдирди. Ал «Биримдик» деген партиянын аты жагып, бирок  туусу  «вкусуна»  туура  келбегенин айтып гана тим болду. Ал ортодо бизге келип түшкөн маалыматтар боюнча бийлик таасири астында «Нур Заман» партиясы түптөлүп жатат. Балким, «Биримдикти» сатып алган топ аны «Нур Заман» деп, Зулпукаровго жакпай жаткан туусун да алмаштырышы ыктымал. «Биримдик» же «Нур Заманбы», кыскасы, 2020-жылкы шайлоого аты жаңы, жүзү жедеп эскирген саясатчылар бийликтин колдоосу менен аттанып жатат. Башкача сценарий болушу мүмкүн эмес дейт саясат талдоочу Марс Сариев.

«Ооба, ошол эле сценарий болот. КСДПны бүлүндүрүп, ошол ресурсту колдонуу аракети болду. Бирок КСДП аутсайдер экени, бийлик тандаган вариант ийгиликсиз болгону түшүнүктүү болуп калбадыбы. Андыктан ошол айтылып жаткан Айнуру  Алтыбаеванын "Биримдиги" же "Мекеним Кыргызстан" (Матраимовдордун-ред) сыяктуу клондору болот. Кезинде мындай ыкма «Кыргызстан» партиясы аркылуу ишке ашкан, Ал жакка ресурстардын баарын чогултушат. Атамбаев «Кыргызстан» партиясын түзүп, олигархтарды чогулткандай эле, жаңы партияга ресурстун баарын сарпташат. Бул схема кайталанат, башка вариант жок», — дейт ал.

Марс Сариев шайлоо күзгө жетпей эле, жазда өтүп кетиши ыктымал экенин кошумчалады. «Анткени алар башка партияларга жакшылап даярданууга мүмкүнчүлүктү бууп, тогуз пайыздык босогону алып салуу боюнча талкуулардын башталышына жол бербөөгө аракет кылышат. Ширин Айтматова босого чекти таптакыр алып салуу боюнча демилге көтөрүп жатпайбы», — дейт талдоочу.

Шайлоо технологиялары эски болсун. Бирок эл аңдап, шайлоодо өз эркин, тандоосун көрсөтө алабы? Марс Сариев бул сурообузга мындайча жооп берди: «Шайлоо жер-жерлерде кантип чечилерин билесиңер да. Бул мектеп директорлору, ЖОЖ ректорлору. ОшМУнун ректору деле Билим берүү министрлигине капысынан келген жок да. Демек, административдик ресурс колдонулуп келген жана колдонула берет». Эксперттер партиянын качан пайда болгону, тарыхы же аталышы маанилүү эмес, кептин баары ошол саясий уюмга канчалык таасирдүү, тажрыйбалуу, акчалуу мүчөлөрдүн чогулганында экенин кошумчалашат,-деп "КабарИнфо" гезити жаырялады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости