www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Криминал боюнча Өкмөт башчы, Ички иштер министрлиги мага эмес, элге - коомчулукка, ишкерлерге жооп берсин!” Бул менин же премьердин жеке маселеси эмес, жалпы жарандардын маселеси. Кылмыш дүйнөсү камалгандан коркпой калды, анткени алар соттон акталып чыгып кетүүнү адат кылып алышкан!”
Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып өттү.
Буга чейин депутат Жанарбек Акаев өлкөдө криминал таасирин чыңдап жатканын айтып, бул багыттагы чабал иши үчүн өкмөттүн ишин сынга алган. Анда депутат “Криминал баш көтөрдү, ага каршы күрөш жүргүзүш керек” деп билдирген.
Ага карата Өкмөттүн маалымат катчысы “бизнесмендерди криминалдан гана эмес, политикандардан дагы коргоого туура келет” десе, өкмөттүн аппараты депутатты кырдаалды саясатташтырбоого чакырган. Ал эми ИИМдин басма сөзү криминалитеттин башын көтөрүүгө мүмкүнчүлүгү жок экендигин, мындай билдирүүлөр, сөздөр чындыкка дал келбешин айтып, маалымат тараткан.
Булак: NazarNews.kg