www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Сочи шаарында президент Режеп Тайип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусуна кеңири орун берген Орусиянын басма сөзү, эки өлкөнүн Сириянын тагдырын белгилеген кадамдарды таштаганын маалымдады. Орус басма сөзү кечээ, Сочиде болгон Эрдоган-Путин жолугушуусуна баа берди.

Орусиянын маалымат агенттиги РИА Новости, «Путин менен Эрдоган тагдырды белгилей турган билдирүүлөрдү жасашты» темасы менен берген кабарында эки өлкөнүн тең Сириянын жеринин бүтүндүгүнүн корголушу темасында чечкиндүү болгондорун кеп кылды.

"Коммерсант" гезити жолугушуу убагында кол коюлган Макулдашуу меморандумунун маанисине токтолуп, «Макулдашуу Сириянын тагдырын чоң өлчөмдө белгиледи. Жолугушуу Сирияда жаңы согушка бөгөт койду», деп жазды.

Эки үлкөндүн жолугушуусу 6 саатка созулганына көңүл бурган «Ведомости» гезити да Орусия менен Түркиянын Сириядагы коопсуз аймактын чек аралары темасында макулдашканына токтолду.

Орусиянын маалымат агенттиги ТАСС, жолугушууну «Орусия менен Түркия, Сирияда жикчилдикке каршы биргелешип күрөшүү темасында макулдашты» темасы менен кабарлады.

Кабарда «Орусия жана Түркия терроризмге каршы биргелешип күрөшөт. Эки өлкө сириялык баш калкалоочулардын өз өлкөлөрүнө коопсуз жана ыктыярдуу түрдө кайтуулары процессине салым кошот», деп жазды. Бул тууралуу маалыматты трт.нет жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости