www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Келерки жылы болуучу парламенттик шайлоодо парламентке өтүүчү партиялардын босого чени 9 пайыз болушу керек мыйзам 1-январдан баштап күчүнө кирет. Бул мыйзам коомчулукта түрдүү талкуу жаратууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин экс-депутаты Надира Нарматова да өз оюн билдирди.

Төмөндө Надира Нарматованын пикири толугу менен:

"Эптеп 3 пайыз алган партия же талапкер кантип элдин өкүлүмүн деп парламентке келип, мандат алып олтурат. Бизде шайлоочунун саны аз. Анын да жарымынан азы шайлоого катышат. 9 пайыздан коркпой эле коюшса болот. Бул босого көбүнчө элдин саясаттагы тажаган адамдарынан, партияларынан кутулуусуна, тазалануусуна шарт түзөт. Жаңы өңдөр, жаңы түстөр, жаңы партиялар келгенге мүмкүнчүлүк болот. Сөзсүз партиялар өз алдынча келиши керекпи? 200дөн ашык партия бар. Баары катышпайт. Идеяларын, программаларын карап чыгып, пикирлери дал келсе, ирилешип биригишсин. Жаштар, жаңылар, жаңы партиялар биригишсин бир муштум болуп, өз ара идеяларын карашсын.

Себеби, максат бирөө эле. Кыргызстанды өнүктүрүү. Ошондуктан топтолуп, биригишип, максаттарын бир жерге чогултуп аламанга аттанышсын. Жалгыз аттын чаңы чыкпайт болбой. Партиялардын биригиши - партиялардын, идеялардын бир жерге топтолушуна, ынтымакка, биримдикке келишине жол ачат. Парламенттин курамынын сапаттуулугуна, жоопкерчиликтүү адамдардын келишине шарт түзүлөт. Баары эле лидермин деп жанталашып умтула бербей, идеялардын биригишине умтулуусу зарыл.

Сөзсүз бир партиянын лидери болуш керекпи? Көп суур ийин казбайт болуп, 10-15 жылдан бери көрүп жатабыз баары эле лидермин деп тепеңдешет. Тандоого келгенде бир да таттыктуу, духу бар улуттук лидер чыгара албай келебиз. Же жалганбы?  Өздөрү бириксин чекишип, бучкактап, бири бирин тартмактап, жардан ары түрткөнгө аракет жасай бербей. Кызыкчылыктардын эмес идеяларын, максаттарын мамлекеттин кызыкчылыгына топтошсун. Шайлоочуларга да ыңгайлуу болот тандаганда.

Каражат маселесин ойлошсо болот. Добуш сатып албаса да, уюштуруу иштерине өзүнө жараша каражат талап кылынат. Ал эми 5 миллион сомду бардык эле партиялардын төлөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан 1 миллионго түшүрсө деле жетиштүү.

Шайлоочунун Конституциялык укугу учурдагы шайлоо жөнүндө мыйзамдар аркылуу өз өкүлүн тандоо укугунан ажыратып, партияга добуш берүү өкүм сүрүп келет. Дүңүнөн партияга добуш берүүдө, шайлоочу өзүнүн конкреттүү өкүлүн билбей калууда. Конституциялык укугу жокко эсе. Бул мыйзамсыздык. Анткени, шайлоочу тизмедеги өзү каалаган талапкерге добуш берип, өз өкүлүн парламентке жөнөтө албай жатат. Шайлоочу өз өкүлүнө эмес, партияга добуш берип жатат. Ошондуктан ар бир партиянын 120 талапкерлеринин тизмесин БШКдан каттоодон өткөндөн кийин, бюллетенге жазуу оор, партиялар, ММКлар аркылуу  ачык  шайлоочуларга кимдерге добуш берип жаткандыгына өз өкүлүн туура тандап добуш берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө милдеттүү. Максат - көп партиянын парламентке келишинде эмес, таттыктуулардын чордонуна айлантуу болуш керек. Тескерисинче, 5, 6,10 партияны алып келүү болбош керек.

Сапаттуу парламент түзгүбүз келсе, тыңчыкмалар  өз идеяларын бир жерге чогултуп, күчтүү парламентти түзүүнү максат кылуу маанилүү болуусу зарыл. Эптеп, түрдүү жолдор менен тизмеге кирип, бир добушу жок, ата-энеси, үй-бүлөсүнөн башка тааныбаган адамдар парламентке барып олтуруп калбай. Эл өкүлү болуш үчүн таттыктуу добуш алып барсын. Эмнеге келгенин билбей тантырап, бир жыл өткөнүн билбей олтургандарды да көрүп жатабыз. Чөнтөгүндө акчасы же жакыны, досу, таанышы болсо көзүнө парламент элестегендерди токтотуш зарыл. Парламентке тажрыйбалуу, мамлекетке пайдасы тийип, эмгектене турган, бийлик бутактарын тескөөгө мүмкүнчүлүгү бар, мыйзамды жаза билген, ой жүгүрткөн, билимдүү, илимдүү, элге таасирдүү, топ жарып элге үлгү болуучу, көсөм болуучу, артында калбыры жок, ар кандай кырдаалда чындыкка тике караган, эл тарабында болгон, өз позициясы, сүйлөгөнгө сөзү бар, жазганга аң сезими, көз карашы бар, акчасына эмес, акылына, жүрүм-турум принциптери так, үлгү боло турган, таза адамдар келсин", -деп билдирди Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-спикер, коомдук жана саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти Надира Нарматова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости