www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия, Африканын $20 миллиарддан ашык карызын кыскартты. Бирок, муну менен орус бизнеси эми ал жакта гүлдөй турган болду. Мындай каалоосун Орусия-Африка форумунда орустардын лидери Владимир Путин ачык эле айтты.

Анда айтылгандай, Орусиянын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болушу үчүн расмий бийлик улуттук долбоорлорун чет өлкөлөрдө жайылткысы келет. Мына ушул багытта айрым өлкөлөрдөгү берген карыздарын пайдалана баштады.

Өз учурунда Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси РФнын баардык бизнесин өз өлкөсүнө чакырды. Анын пикиринде орусиялык тамак-аш, кийим-кече, техникаларга континент муктаж. Зарылчылык бар.

Эске сала кетсек, кечээ, 23-октябрда Сочиде Орусия-Африка экономикалык форуму ачылган. Анда Африка континентиндеги баардык 54 мамлекеттин жетекчилери чакырылып, анын кырктан ашык өлкөсү катыша турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости