www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл Бишкек шаарында кытай грантынын эсебинен бир нече чакырым жол оңдолуп, айрым учурда жаңы курулуп жаткан жолдун ордуна турак-жайлар жайгашып, алар түрттүрүлгөндүгү эсиңерде болсо керек. Ал кыймылсыз мүлктү албетте, шаар бийлиги барып эле түрттүрүп салбайт. Ал үчүн кыймылсыз мүлктүн ээси менен үйдү, жер тилкесин баалоо деген процедура болот. Бул боюнча бүгүн парламенттик жыйында депутат Марат Аманкулов сөз кылды.

Анын баамында, коомдук керектөө үчүн шаардыктардан алынып жаткан кыймылсыз мүлктү баалоо адилетсиз жүрүүдө. Учурда шаар бийлиги жарандын турак жайын баалоо үчүн көз карандысыз адисти жалдайт. Эгерде турак жай ээси адистин баалаган суммасына макул эмес болсо анда муниципалитет үй ээси менен маселени соттон чечип жатат. Кыймылсыз мүлктү баалоо рынок шартында жүрүүдө. Бирок, ал жерде үй ээсинин жаңы үйдү издеп-табуу, аны оңдоо, көчүрүү, балдарды жаңы бала-бакча, мектепке киргизүүгө кеткен кошумча чыгымдар такыр эсепке алынбайт. Айрым учурларда турак-жайын мамлекеттин колдонуусуна өткөрүп берген жарандар тиешелүү акчасын убагында дагы ала албай калган учурлар бар.  

- Мамлекет өз жарандарына ыңгайсыздыктарды жаратып, конституцияны бузуп жатат. Келээрки жылы шаардын жолдорун калыбына келтирүү боюнча үчүнчү этап башталат. Жаңы көпүрө, эстакадалык жолдор курулганы турат. Планга кирбей калган толгон-токой жер тилкелери, турак-жайлардын ээлери ушул көйгөйгө туш болот. Андыктан, жарала турган көйгөйлөрдү азыртадан баштап чечүү жолдорун издөө керек. Өкмөт коомдук керектөө үчүн турак жайларды мамлекеттин колдонуусуна өткөрүүдө адилетүү баалоо боюнча жөнөкөй механизмди иштеп чыгуусу зарыл – дейт депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости