www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Тайырбек Сарпашев деген “тосток” көз Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп турганда биометрикалык паспортун керегинче мактап, атты ээрсиз минип, колуна камчы албай, тили кургаганча сүйлөп, ой-тоону карабай чапкылап, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башын айлантып атып өзү ойлоп тапкан «улуту жок» деген системаны киргизген.
Ал тургай, бул “тостоктун” сөздөрүнө таянып, бийлик “Биометрикалык паспорттор бир жыл бою бекер берилет” деп элге жар салган. Аны укканда кыйналып турган кыкең “улуту” деген жери жок экенин уруп ойнобой айла жоктон миңдеген адам электрондук паспорттун ээси болгон.
Кийинчирээк, же төө өлбөй же төкөр өлбөй же төрдөгүсү өлбөй баягы Тайырбек апыл-тапыл таба калган электрондук паспортун окуй алчу аппараттары Кыргызстанда жок экенин ырдап чыгышкан. Тайырбек тапкан паспорт чыкканга чейин атайын аппараттар Кыргызстанда жок экенин жергиликтүү ММКлар бир эмес, бир нече жолу жазып чыккан. Мурунунан алысты көрбөгөн Тайырбек Сарпашевдин ошондогу "жинди кыялы" кимдердин кызыкчылыгы үчүн жасалгандыгы кылдаттык менен иликтениши керек жана өтө зарыл.
Алсак, “Улуту - кыргыз” деген графа, өткөн бийликти кыпындай кызыктырган эмес. Коомчулук айтып-айтып тили тешилип кала берген. Мындай улуту - кыргыз деген графанын паспорттон алынып салынышына себепчи болгондор кыргыз элинин чыккынчылары дегенден башка сөз жок. Эми, Тайырбек Сарпашевдин "какашкасын" бул бийлик тазалашы керек!
Урматтуу КР президенти Сооронбай Жээнбеков, Тайырбек Сарпашев кыргыз элине чыккынчылык жасап, паспорттон "улуту-кыргыз" деген графаны алып салгандыгы үчүн кылмыш ишин козгоп же жоопко тартып, паспортту мурдагысындай эле “улуту-кыргыз” деген графаны киргизип берсеңиз жакшы болот эле. Кыргыз үчүн, кыргыздын улуту үчүн калган эрк Сиздин колуңузда. Кыргыз эли - улуту менен кыргыз. “Бардактын” баарын чыгарып паспорт менен ойногон Тайырбек мырзага жаза берсеңиз. Ошондо паспорттогу улуту жазылбашы керек деген кыргыздын душманы ачык чыгат беле?
Баса, Орусиянын Санкт-Петербург шаарында эки жеңил автоунаа сүзүшүп, 8 адам жабыркады. Тилекке каршы ооруканага жеткирилгендердин абалы оор. Автоунаанын айдоочусу «кыргыз жараны» Субхатулло Киргизбаев экени аныкталды. Бул жерде Субхатулло Киргизбаевдин ким экенин аныктап, паспортко «улуту» деген графаны киргизүү зарыл.
Булак: NazarNews.kg