www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте добуштардын дээрлик 80% ашыгы эсептелди. Алдын ала маалыматка караганда, шаардагы эки райондо баарына каршы добуш бергендер көп болду.
Свердлов районунда баарына каршы добуш 36,55% түздү, ал эми талапкерлердин арасынан Ырысбек Мааткабылов 27,46% добуш алып алдыда. Биринчи май районунда болсо баарына каршы болгондор 31,5% ашты, Русланбек Акылбеков 15% көбүрөөк добуш топтоду.
Баштапкы эсепке ылайык, Ленин районунда Жаныбек Абиров (30,76%), Октябрь районунда Дастан Бекешев (45,12%) алдыда баратат.
Кыргызстанда парламенттик шайлоого карата ачылган добушканалар жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) азырынча саат 20.00гө карата канча адам добуш бергени тууралуу соңку маалыматтарды бере элек.
Булак: NazarNews.kg