www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 21-октябрдагы Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамга ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу конституциялык мыйзамдын концепциясы колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы кабарлады.

Демилгечилер мыйзамга негизги 3 өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо.

Алар - шайлоо босогосун 7%дан 3%га түшүрүү,  2-форма менен арыз берип, каттоого турууга чектөө киргизүү жана шайлоо күрөөсүн 5млн сомдон 1 млн сомго түшүрүү.

Мыйзам долбоору эл өкүлдөр арасында кызуу талаш-тартышты жаратып, сунуштар берилди.  Талкууда депутат Аалы Карашев орток позиция 4% экенин белгиледи.  “Шайлоочулардын 5%ы - бул 100 000 добуш болот экен. Ал эми 3% болсо 60 000 добушка туура келет. Мен орток 4% болсун деп сунуштайт элем. Бул 80 000 добушту түзөт”, -деди депутат Аалы Карашев.

Ал эми эл өкүлү  Төрөбай Зулпукаров, БШКнан төрайымына кайрылып, 20-декабрга белгиленген Жогорку Кенештин депутаттарын кайра шайлоодо бүгүнкү сунушталган өзгөртүүлөр колдонуп, колдонулбастыгын тактады. БШКнын төраймы Нуржан Шайлдабекова кайра шайлоодо жаңы өзгөртүүлөр иштей турганын тастыктады.

Бир катар депутаттар экинчи окууга сунуштарды берерин айтышып, долбоорду биринчи окууда колдоо керектигин белгилешти.

Мыйзам долбоорунун концепциясына ачык добуш берүү болуп, биринчи окууда 83 депутат макул деген добушун берди. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости