www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги коомдук ишмер Абдырахман Маматалиев менен баарлашып, саясаттагы айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Президент Сооронбай Жээнбековдун отставкага кеткени абалды курчутпай туура эле болдубу?

 -Эгер кетем деп айтканы чын болсо, сөзүнө туруп кеткени туура эле болду. Эми элде да шайлоо таза өтөт деген ишеним пайда болот.  Бирок, жаңы Өкмөт башчысы да шашпай, алды-артын карап, акылга салып иш алып баруусу зарыл.     

-Баса, парламенттик да, президенттик да шайлоо жакын арада болушу керек дегендер да чыкты. Кыргызстан эки шайлоону көтөрө алабы?

-Башка жол жок. Бирок, эки шайлоо тең өз мөөнөтүндө өтүшү керек.

-Президенттин отставкага кетиши эл аралык аренада жоготууларга алып келеби?

-Кандайдыр бир деңгээлде, коомдогу саясий туруксуз эл аралык мамилелерге сөзсүз таасирин тийгизет. Биздин өнөктөштөр, эл аралык уюмдар, туруктуу, элдин ишенимине ээ болгон бийлик менен кызматташууну туура көрүшөт.

-Шыкмаматов менен Жапыкеевге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен кылмыш иши козголгонбу?

-Ким буйрук бергенин так айтуу кыйын бирок, укук коргоо жана күч органдары жакында болуп өткөн баш-аламандыктын уюштуруучуларына жана катышуучуларына укуктук баа берүүсү зарыл. Албетте, баарына бирдей мамиле кылуу зарыл. Бизде, кээде, күнөөсүздөр жоопко тартылып, күнөөлүүлөр соодалашып, чоң кызматтарды ээлеп калышат. Андайга жол бербеш керек.     

Булак: NazarNews.kg

Последние новости