www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Конституциясына ылайык орус тили расмий тил боюнча калат. Бул тууралуу президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен 21-октябрдагы жолугушуусунда билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда Удовиченко Жапаровду премьер-министр кызматына дайындалышы менен куттуктады. Орусия өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыкка жана Кыргызстанда тил саясатын улантууга кызыкдар экенин айткан. Расмий Москва салык тутумун модернизациялоого жана товарларга байкоо жүргүзүүчү маркирлөө системасын ишке киргизүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле Садыр Жапаров орус тарапка колдоо үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан Орусия менен мурдагыдай эле стратегиялык өнөктөштүктү жана союздук мамилелерди чыңдоого жана кеңейтүүгө чоң маани бере турганын айтты.
Белгилей кетсек, тараптар Кыргызстанга каржылык жардам берүү, өлкөлөр ортосундгы үзгүлтүксүз каттамдарды көбөйтүү жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалды талкуулады.
Жолугушууда өкмөт аралык соода-экономикалык, илимий-техникалык, гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-орус комиссиясынын мындан аркы ишин биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков алып бара турганы айтылды.
Булак: NazarNews.kg