www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо мыйзамы биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Парламентте документ боюнча 14-июлда башталган талкуу 15-июлда да уланды.

Бир катар депутаттар шайлоо мыйзамы боюнча долбоор чийки экенин, эгерде бул документ кабыл алынса Жогорку Кеңешке акчалуулар, аймактардагы чоң муштумдар гана келип, жаштар менен аялдарга мүмкүнчүлүк түзүлбөй каларын айтышты. Ошондой эле, 35 депутатты бир мандаттуу округдардан, 55ин партиялык тизме менен шайлоо боюнча сунуш түшүнүксүз экенин билдиришти. Алар депутаттарды партиялык тизме менен шайлоо керектигин жана талапкерлерге өзүнчө добуш берүү системасын киргизүү демилгесин көтөрүштү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова долбоор коомчулуктагы суроо талапты эске алуу менен жазылганын, айрым кемчиликтер экинчи окууда оңдолорун айтты.

Документти президенттин буйругу менен түзүлгөн жумушчу-эксперттик топ жазган. Анын автору катары президент көрсөтүлгөн. Ага ылайык, жалпы 90 депутаттын 35и бир мандаттуу округдардан, 55и партиялык тизме менен пропорционалдык система аркылуу шайланат.

Мажоритардык система - өз алдынча шайланып келе турган 35 депутаттын округунда 100 миңден шайлоочу болот. Шайлоо күрөөсү – 100 миң сом. Мындай система менен келген депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулса, жаңы шайлоо өтөт.

Партиялык система – саясий партия шайлоочулардын 3% босого чегинен өтүшү керек. Аялдардын квотасы - 30%, шайлоо күрөөсү – 1 миллион сом. 25 жашка толгон, шайлоого укугу бар жаран Жогорку Кеңештин депутаты боло алат.

Мурдагы Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш 120 депутаттан куралып, партиялык тизме аркылуу шайланган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости