www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги машыктыруучу, чемпион Шайлообек Атазовду кепке тартып, президенттин ишин артка тартып жаткан кадрлар боюнча пикир алыштык.
-- Шайлообек мырза, акыркы күндөрү “президенттин командасы жок, жанындагылардын баары анын ишин артка тартып жатат”,-деген дооматтар көбүрөөк айтыла баштады. Президенттин ишин кимдер артка тартып жатышат?
-- Президенттин ишин Ак үйдөгү кошоматчылар, “СҮМБҮЛДӨР”, өз ишин билбеген кайдыгер кадрлар, министрлер артка тартып жатышат. Алар мамлекеттик ишке профессионалдуу түрдө мамиле кылбай, интрига менен алек болуп жатышат. Тагыраагы, өсүп келе жаткан адамдардын жолун тосуу, жамандоо менен гана алек болуп калышты. Кечке кабинетте олтуруп алышып ушак тыңшашат. Булар бийлик Кудайдан берилген аманат экенин түшүнбөйт. Башкача айтканда, аманатка кыянаттык кылуу кылмыш экенин сезбей жатышат.
Ошондой эле Ак үйдө 30 жылдан бери президенттердин баарына кошомат уруп, жан сактаган чиновниктер көп. Ошолордун айынан бүгүн президенттин айланасындагылар үчкө бөлүнүп калган. Алар учурдагы президенттин кадрлары, экс-президенттин кадрлары жана уруулардын таасиринде калган кландар. Ушундай бөлүнүү күч алган жерде кантип өнүгүү болот?! Мамлекетте кандай жылыш болот? Баарынан да иштеп жаткан ишине кайдыгер карап, президенттин сөзүн, иш пландарын колдобой, тескерисинче, кабинетинде үстүртөн карап, жылмайып бут тосуп олтурган адамдар бар. Маселен, Атамбаев кетти бирок, анын аппараты толугу менен Жээнбековго каршы иштеп жатат. Сапар Исаков кетти, бирок анын өкмөтү, аппараты толугу менен элге, президентке каршы ишин улантууда.
-- Ишин эптей албай, башка максатты көздөп олтурган кадрлардан президент арылышы керекпи же чыдашы керекпи?
-- Өз ишин билбей жаткан кадрлардан сөзсүз арылуу керек. Алар коомдун трагедиясы! Жагымсыз жагдай жарата бербей, президентти кепке калтырбай, өздөрү татыксыз экенин билип эле кызматтарынан кетип калса жакшы болмок.
-- Президент эмне үчүн сындан башы чыкпаган өкмөттү калкалап жатат?
-- Сындан башы чыкпаган өкмөт жөнүндө сүйлөөгө да оозуң барбайт! Бул өкмөт элдин ишенимин, үмүтүн талкалады. Кооз сүйлөп, кагаздагы куру сандар менен отчёт берүүнү өздөштүрүштү. Жогорку Кеңештеги отчётун угуп, мен Швейцарияда жашап жатабызбы деп ойлоп кеттим. Бул өкмөт эски кадрларга эле басым коё бербей, ишти илгерилеткен жаш, таза, мыкты уул-кыздарды тартса болмок. Тилекке каршы, булар ким каяша айтпай “хоп” десе, ким кың дебей шылуундарга көз жумса, ошолор менен иштөөгө өтүп алды. Менимче, президенттин өкмөттү калкалоосу келаткан шайлоого байланыштуу деп ойлойм. Өкмөт башчы “мен шайлоодо кыйратып салам” деп убада берип жатат. Негизи эле бул инсан адамды ишендирүү жагынан сыйкырчы эле экен.
-- Парламенттик шайлоо босогосу канча пайыз болсо, чыныгы атаандаштык түзүлүп, адилеттүү шайлоо болот деп ойлойсуз?
-- Парламенттик шайлоонун босогосу 5% же жок дегенде 7% болсо жакшы болмок. Жаш партияларга, элге да шайлоого катышуусуна мүмкүнчүлүк берүү керек. “Биримдиктин” каалоосу боюнча 9% деп жатышат. Булар аким, губернаторлорго ишенип, алардын 90% алып беребиз дегенине манчыркап, элди көзгө илбегендей мамиле кылышууда. Бирок 9% барьерди эл көтөрө албайт. Шайлоодон кийин нараазычылык күчөп, эл көчөгө чыгышы мүмкүн. Бийлик кетет, эл калат. Мурунку бийлик да ушинтип: биз баарын алабыз деп айдалган. Мыкты партияларга да парламенттен орун берип, айкөлдүк менен башкаруу туура деп ойлойм. Негизи эле адам баласы бийликке келгенде көзүн май басып калат окшойт. Президентти ороп алып, өзүн Кудай сезген адамдар пайда болду.
Баса, Конституция боюнча биздин мамлекетте парламенттик-президенттик башкаруу. Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык кризиске парламенттин да абдан чоң күнөөсү бар! Парламент да өз күнөөсүн өкмөткө оодара салбай, мойнуна алышы керек. Анткени, алтынчы чакырылышка билими аз, тажрыйбасы, патриоттук духу жок, мажирөө, кайдыгер депутаттар көп келди. Ошолордун кесепети да тийип мамлекетибиз ушундай абалга кептелди.
-- Маегиңизге рахмат.
Булак: NazarNews.org