www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги машыктыруучу чемпион, спорттун отличниги Шайлообек Атазов менен кыргыз саясатында орун алып жаткан айрым жагдайлар боюнча пикир алыштык.

-Шайлообек мырза, Сыймык Жапыкеевдин финполго жетекчи болуп барды. Кухнядан чыккан баатыр эми 10 олигархты кустуруп, кытайдын карызын төлөп коём деген убадасын аткара алабы?

-Сыймык Жапыкеевдин Финансылык полицияга жетекчи болгону туура эле болду. Анын бул тармактагы адистиги, тажрыйбасы, билими өзүнчө маселе. Бирок, ал буга чейин өлкөнү тоногон 10 чиновникти кустурам деп Жумалиевден баштаган эле. Эми мына убакыт келди. Электр тармагындагы, жол транспорт тармагындагы, билим берүү, салык кызматындагы уюшулган жемкорлукка да күчү жетеби, сырткы карыздан куткарам деген сөзү канчалык реалдуу экенин убакыт көрсөтөт. Негизи, элди үгүттөп революциялык маанай жаратып баштаганы үчүн баракелде деп айтуу керек.

-Баса, мамлекеттин карызын фонд ачып, жөнөкөй жарандар төлөйлү деген демилге көтөрүлүп жатат. Ошол каражатты жеп ичкен чиновниктер төлөшү керекпи же бир тыйынын да албаган карапайым эл төлөшү керекпи?

-Мамлекеттин карызын фонд ачып төлөө бул туура эмес. Аны карызга батырган буга чейинки президенттер, өкмөт башчылары жана  тийешелүү чиновниктер төлөшү керек. Эл төлөгүдөй карызды эл алган эмес. Тагыраагы, элде күнөө жок.

-Айтмакчы Азимбек Бекназаров “Малайзиядан келсем Сооронбай Жээнбеков жалгыз калыптыр. Анын кадрларынын баары Садыр Жапаровго өтүп кетиптир” деди. Ошондо мурунку президентти кадрлары сатып кеттиби?

-Мен кышында Фейзбуктагы баракчама "ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАНЫНДАГЫ СҮМБҮЛДӨР ЖАНА ДҮМБҮЛДӨР" деген пост жазган элем. Ошондо айткам, президенттин жанында бүт мурунку 4 президентти саткан кошоматчы, саткындар ороп алган. Алар бул бул президентти да сатат деп. Жазганымдай эле болду. Булар кези келгенде Садыр Жапаровду дагы сатат.       

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости