www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад шаарында ички маршруттук каттамдарга рейд жүрдү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, шаардагы коомдук транспорттордо санитардык талаптар толук сакталбай жатат.

Рейддин жүрүшүндө унаадагы орундарга жүргүнчүлөр толгонуна карабай белгиленген чектен көп алынып жатканы айтылып, айдоочуларга эскертүү берилди. Жүргүнчүлөр да беткапсыз чыгып санитардык талаптарды сактабай жатканы байкалды.

Белгилей кетсек ,шаар аймагында кайдыгерликтен улам оору кайрадан күч алууда. Эрежелер сакталбаса коомдук транспортко түшүүгө мүмкүн эместиги рейд учурунда эскертилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости