www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов вице-мэр Алымбек Абдылдаев менен бирге шаардын түштүк бөлүгүндө жаңы курулуп жаткан парктардын курулуш иштерин текшерди.

Ага ылайык, жаңы курулуп жаткан "Ынтымак-2" паркынын дээрлик 80 пайызы бүткөн, аталган парк бир айдын ичинде ачылаары белгилүү болду. Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Алымбек Абдылдаев буларга токтолду:

"Бул курулуп жаткан сейил багы этно стилде, тагыраагы улуттук болуп кыргыз элибиздин жан дүйнөсүнө чукул бир парк кылуу максатын көздөп жатабыз. Архитектуралык курулуш жагынан дагы бул нерселерди эске алдык. Бул жерде эки аянтча бар, анын бири мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн бардык шарттар каралып курулат. Мен жаны вице-мэр катары бул парк башка бүткүл парктардан өзгөчөлөнүп турат деп айта алам. Мен басымды көбүрөөк сапатка жасайм, ошондой эле убакытты дагы уттурбайбыз. Ал эми жалпы аянты 8 жарым гектар. Буюрса, бир айдын ичинде толугу менен курулуш иштери бүтөт деп турабыз. Бул жерде төрт муниципалдык ишкана иш алып барууда. Алар Бишкек жылуулук энергиясы, Бишкек свет, Бишкек асфальт - сервис жана Бишкек жашыл чарба ишканасы иштеп жатышат. Курулушка жалпы 80 миллион сом өлчөмүндө каражат сарпталды", - деп билдирди Алымбек Абдылдаев.

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов текшерүү иштерин жургүзүп, аталган парк мындан 4-5 ай мурун курулуп баштаганын айтып, убакытттын созулуп кеткенин белгилеп, күнү-түнү болсо дагы иштеп туруп 20-ноябрга чейин парк шаар тургундары үчүн ачылаарын билдирди.

"Бул Ынтымак-2 паркынын аянты 8 жарым гектар. Бул жактын жумушутары 80 пайызга бүтүп калды. Биз ойлоп атабыз 1 айдын ичинде жумуштарды толугу менен бүтүрүп, шаарыбыздын жашоочуларына ачып беребиз деп. Бул жердин курулуу архитектурасы өзгөчө, биздин архитекторлор эклюзивдүү чечим кабыл алып иш алып барышууда. Өзүңүздөр көрүп аткандай, кичине убакыт созулуп кетти, жумуштар дагы көбүрөөк болуп атат. Буюрса күнү-түнү иштесек да 20-ноябрга чейин ачылат деп турабыз. Курулуш иштери башталганына 4-5 ай болду. Пандемияга туш келип материалдар кармалып, карантин болуп жумуш токтоп, арасында жумушчулар ооруп ушундай учурлар болуп жатты. Бюджетте дагы акча дефицит болгон үчүн кичине каражат жактан дагы кармалдык. Бул жердин чыгымы 70-80 миллион сомго чыгат. Мындай паркттар Кыргыз өлкөсүндө жок", -деп билдирди Азиз Суракматов.

  

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости