www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазды. Бул маалыматты бир катар жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка караганда, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия бүгүн Ташиевди депутаттык мандатынан ажыратуу маселесин карайт. БШКнын жыйыны түштөн кийин өтөт деп күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, 13-мартта Шайырбек Ташиев Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында суракка алынган. Ал кайсы кылмыш иши боюнча суракка алынганы азырынча белгисиз.

Акыркы жумаларда Ташиевдин каржылык пландары жана жеке чыгымдары боюнча ачыкка чыккан сүйлөшүүлөрү кыргыз социалдык тармактарында тараган.

Последние новости