www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Шайырбек Абдрахман Фейсбук баракчасы аркылуу кыргыз элин тазалыкка, сергек жашоого, ар түрдүү оорулардан сактанууга үндөп билдирүү жазып чыкты. 

"Тим эле күйпөлөктөп күндө коронавирус жөнүндө жазып, ана тигиге жукту, ана бизге да келди деп, коронавирус чыккандан бери бизге ошол вирусту келтире албай эси оогон эселектерге таңмын. Андан көрө маскаңды тагын дагы шилекейиңди ары чачыратчы дегиң келет. Сенин ошентип мына казакка келди, мына россияга жетти, мына эми бизге келет. Биздикилер шалтурук, биринчи депутаттарга жукса экен, саламаттыкты сактоо министри бокко жарабайт, аэропорттон текшербейт, спикер вирус жуктургандан коркот экен, кечээ бизде эки кытай ооруптур. Өзгөндө бирөө жөтөлүптүр, Италиядан келгендер эл аралап кетиптир, больницада үч киши жаткан имиш, аны бизге айтпай жатат деген сөздөрүңдүн мисалы элге пайдасы канчалык? Азыр Кыргызстан эмес мен деген Европа кыйналып жатат бул балээден! Же сен көкүрөгүңдү тосуп, бизди коргоп каласыңбы? Эй сен вирусту кой, кимге качан жылан өлтүрсө таш алып бердиң? Же кимге сөөгүн агарта жардам бердиң? Адам биринчи өзүнө мына ушундай суроо берсе да сүйлөөрдөн мурун!

Андан көрө кудай деп, маска тагынып, эл көп чогулган жерлерден оолак болуп, гигиенаны сактап, таза тамак жеп, оозду абайлап ачып, шилекейди чачыратып жогорудагыдай акыр-чикир сөздөрдү көп оозанып, абаны да элдин кулагын булгабай чогуу сактаналы! Жалпыбыз ынтымакта чогу коргонолу. Врачтарга, өкмөткө, жоопкерчиликтүү орган, жетекчилик, кызматкерлерге колдон келишинче жардам берели. Ар бирибиз өзүбүз жоопкерчиликтүү бололу. Элди тазалыкка, сергек жашоого, ар түрдүү оорулардан сактанууга үндөйлү.

Эми кагылайын кеменгер журт абайла, алдыда чоң сыноо турат, бирдикте чогу жеңели! Жалпыбыз биринчиден кудайдан тилейли, экинчиден сактаналы, паникага алдырып, чоочубайлы. Бул ооруну Кытай жеңди, анын дарысы демек бар. Окмуштуулар ден-соолукту жакшы караган эле адам бул вируска кабылбайт дешип жатат. Кудай колдосун барыбызды!" - дейт белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости