www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абылгазиев Чүй облусуна иш сапар менен барды

Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусуна иш сапар менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев Аламүдүн районун Таш-Дөбө айылындагы Бейшеналиева атындагы орто мектепке барганда билим берүү мекемесинин жетекчилиги эски терезелерди алмаштырып берүүнү, ошондой эле жаңы спорт зал куруп берүүнү өтүндү.

«Учурда республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төрттөн бир бөлүгү билим берүүгө багытталат. Республиканын бардык аймактарында мектептер курулууда. Биз билим берүү чөйрөсүнө мындан ары да өзгөчө маани беребиз. Бул жерде мугалимдердин айлыгын жогорулатуу, билим берүү тутумун жакшыртуу жана жаңы мектерди куруу жөнүндө сөз болууда.

Биз мугалимдердин эмгек акысын баскыч баскычы менен көтөрүү үчүн колдон келген бардык мүмкүндүктөрдү жасап жатабыз. Өз кезегинде силер өз алдынча өнүгүүгө, окутуунун жаңы заманбап ыкмаларын өздөштүрүүгө, балдарга билим берүүгө жана жөндөмдөргө үйрөтүүгө, аларга билимдүү жана ийгиликтүү болууга дем берүүгө умтулууга тийишсиңер. Мектептерде кесибин сүйгөн адамдар иштөөсү үчүн биз мугалимдер арасындагы атаандаштык чөйрөнү кайрадан жандандырышыбыз керек», - деди ал. 

Премьер-министр маселени четтетүүнү жана маселелер кайрадан келип чыкпашы үчүн кыйла сапаттуу материалдар менен 2020-жылдын июнь айында баштала турган ишти макулдашылган мөөнөттө жандандырууну тапшырды. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости