www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын окуу жайлары жабыла баштады

Түркияда жогорку окуу жайлар менен мектептер убактылуу жабылды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Түркиянын мектептериндеги окуучулар 16-марттан тарта 1 жумага каникулга чыгып, 23-марттан баштап электрондук окутуу системасына өтөт. Мындай чечимди өлкөнүн президенти Режеп Тайып Эрдоган кабыл алды. Чечимдин негизги максаты, коронавирус менен каршы күрөш жана илдетти алдын алуу.

Башталгыч класстар жана орто мектептер 16-марттан тарта 1 жумалык каникулга чыгып, 23-марттан кийин аралыктан окутуу ишин баштаса, Жогорку окуу жайлардын студенттери 3 жумага каникулга чыгарылганы айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 10-март күнү Түркияда алгачкы коронавирус менен ооруган адам катталган. Европадан кайтып келген түрк жаранын аэропорттон текшерүүгө алганда, андан коронавирустун белгилери байкалып, карантинге алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости