www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Щукинск районунун Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын карамагындагы кызматкери өлүктөрдүн жанында туруп сүрөткөн түшкөнү үчүн жумуштан кетишти. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар ИИМдин борбордук бөлүмүнүн сайтына шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, укук коргоочулардын кылган иши жетекчилик тарабынан “укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин намысына акаарат келтиришти” деп бааланган.

Сөз полициянын майору Вячеслав Горнев менен улук лейтенант Татьяна Пулрышева жөнүндө болуп жатат. Сүрөттү коопсуздук кызматкерлери табышкан. Анда  полиция кызматерлери Москванын өлүкканаларынын биринен сүрөткө түшкөнү айтылат. Ошону менен катар, сүрөттө каза болгон адамдардын сөөгү так, даана көрүнүп турат.

Текшерүү иштери бүткөндөн кийин полиция кызматкерлерин жумуштан кетирүү чечими кабыл алынган. Ошондой эле, алардын жетекчилиги дагы жоопкерчиликке тартылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости