www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаевдин сотуна бардым. Тилекке каршы милиция кызматкерлери эшикти тосуп, киргизбей коюшту. Айла жок соттун эшигинде Next TV каналы аркылуу интернеттен көрдүм процессти.

Менде соттук отурумдан кийин айрым бир пикирлер пайда болду. Мына ошолордун ойлорумду сиздер менен бөлүшкүм келди достор.

Байкасам, өзүлөрүнө козголгон кылмыш иштин материалдары менен Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөн Чотоновдор толук таанышып бүтүшпөптүр. Аларга УКМК тергөөчүсү мынчасына чейин таанышып бүтүшүңүз керек деген шарт коюптур.

Аны прокуратура кызматкери: 
- Ишти создуктуруп башташты эле ошондуктан мыйзамга таянып, чек коюлган - деп түшүндүрүүгө аракет кылды. 
Адвокат: 
- Эч кандай ишти создуктурууга аракет көрүлгөн эмес, жана иш айыпталуучу тарабынан дыкаттык менен каралышы керек. Ар бир коюлуп жаткан айыпты айыпталуучу иликтеп, ага өз актыгын тактоо үчүн документтерди жыйноосуна мыйзам жол берет - деди.

Эми менин жеке пикирим: 
Чынында бул жерде адамдын тагдыры жөнүндө кеп болууда. Эмне үчүн жаран анын үстүнөн иш козголуп жатса, болгондо да жалаалуу, токулган, жамалган, күчкө салынган айып коюлуп, кылмыш иши козголуп жатса, ага жөн эле макул деп, иш материалдары менен УКМК тергөөчүсүнүн шаштыруусунда тааныша калып, сотко жүгүрүп барыш керек? 
Анын үстүнө КР Конституциясында, Кылмыш Жаза Кодексинде айыпталуучун актануусу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлүш керек деп турат. 
Мыйзам адамды жөн эле күчкө салып камаш үчүн жазылган эмес, мыйзамдар жарандар өзүлөрүн коргоого ар качан мүмкүнчүлүк, алуусу үчүн жазылган эмеспи?

Анан судья боюнча эки ооз сөз. Текебаев менен Чотоновдун адвокаттары иш менен толук таанышып чыгуулары үчүн эки жума убакыт сурашты. 7 томдон турган, биз байкап келе жаткандай, "мамлекеттик машина" бүт күчүн үрөп жазган иштин материалдары менен толук таанышып алуу үчүн мындайча айтканда 14 күн убакыт сурашты. 
Сот 4 күнгө уруксаат берди. Эскертип койчу жагдай жада калса, айыптоочу тарап болгон прокуратура кызматкери чын эле иш көлөмдүү, таанышууга убакыт бериш керек деген пикирин айтты. 
Тилекке каршы судья Айбек Эрнис уулу 7 томдон турган Кыргыз Республикасында болуп жаткан эң скандалдуу, саясий краскасы ачык көрүнүп турган, оор иш менен таанышып чыгууга айыпталып жаткандарга төрт күн берди. 
Мм.. даа..

Мына ушундай ойлор менен 1- Май райондук сотунан чыгып, шаар аралай жолго түштүм.

Шайырбек Абдрахман, теле журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости