www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту 8-июнда уланмай болгонун жазганбыз. Бу жолу сот эмес, Текебаев өзү жылдырды. Тагырагы, Өмүрбек Чиркешович менен адвокаттары иш менен таанышканга толук мүмкүнчүлүк берилбегенин айтып, убакыт берүүнү соттон суранышты. Бүгүнкү ишти карап жаткан Биринчи Май райондук сотунун судьясы Эрнис уулу Айбек мындай суранычты кабыл алды.

Бүгүн сот ачык өтүп, журналисттер катышып, түз эфирден көрсөтүлүп турду. Ачык өткөн сотту журналисттердин ачык бергени бийликке жакпай калдыбы, айтор, келээрки сотко журналисттер киргизилбей турганы, видеого тартууга уруксат жок болору белгилүү болду. Сот кирүүгө тыюу салган чечим чыгарды.

Бүгүн Текебаев ага коюлуп жаткан айыптарда эч кандай мамлекеттик сыр жоктугун айтып, саясый өңүттөгү иш болгондуктан, ачык-айкын чагылдыруу үчүн журналисттерге катышууга уруксат берилишин талап кылып атып киргизген болчу. Андан тышкары, Текебаев: “Алмазбек Атамбаев бу иш боюнча кабардары бар болчу, атүгүл “бул иш май айында сотко өтөт” деп айткан эле. Мына ушундай сөзү менен тергөөгө көрсөтмө берген. Ошондон улам сот шашылык өттү. Мен Алмазбек Атамбаевдин күбө катары сотко келишин талап кылам” деп айткан. Депутаттын мындай пикирин адвокаттары да колдошкон.

Журналисттерге кирүүгө тыюу салынгандан кийин, демек, бир сыр бар бул жерде же Алмазбек Атамбаев күбө катары келет деген ойдо калдык. Эмнеси болсо да ошол күндү күтөлү.  

 Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости