www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамдардын органдарын сатуу борбору Израилде жайгашканы, кылмыштуу топ буга чейин өлгөн жана тирүү адамдардын органдарын уурдап сатуу менен алектенип келгендиги туурасындагы жаңылык дүйнөнүн үшүн алып, үч көңтөрдү.

Соңку жылдарда Альтурист - донарлардын саны б.а. өз органын башка бир адамдын өмүрүн сактап калуу үчүн берүүгө даяр болгон адамдардын саны кескин түрдө көбөйгөн. Үстүбүздөгү  (2016) жылдын эсеби боюнча, органдарды трансплантациялоого жүргүзүлгөн операциялардын саны 30%га чейин өскөн. Ливандык ad-Diyar гезити маалымдагандай, түрк бийлиги кичинекей, өспүрүм курактагы жаш балдарды Антальядагы жана Искендерунедеги бейтапканаларга алып кетишкен.

Ошондой эле, Сириядан жарадар болгон адамдар Туркияга дарыланууга алынып келип, тилекке каршы дарылануунун ордуна органдарынан айрылышкан. Кылмышкерлер олжосун алган соң, маркумдар кайрадан Сирияга жерге берилүүсү үчүн жөнөтүлгөн.

Эске салсак, 2009-жылы Нью-Йорктон кылмыштуу топ "Кичинекей балдарды уурдап, органдарын сатуу менен иш алып барышат" деген шек менен кармалып, камакка алынышкан. Жогоруда айтылган кылмыштуу топтун башчысы Леви-Ицхак Розенбаум болгон. Көпкө созулган иликтөөнүн жыйынтыгында кылмышкерлер жаш балдарды Алжирдин батышындагы аймактардан уурдап, аларды Мароккого жөнөтүп турушкан. Ал жактагы хирургдар балдардын органдарын 20миң доллардан 100миң долларга чейин баалап, алып турушкан.

Булак: "gezit.kg"

Последние новости